Масалиев: Бизди диктатуранын өтө оор формасы күтүп жатат

Бийлик саясий оппоненттерди жок кылуу менен убара, Кыргызстан диктатуранын өтө оор формасына өтүп жатат. Парламенттин «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 15-февралда өлкөдөгү адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоону талкуулоо боюнча тегерек столдо ушундай божомолун айтты.

Анын пикиринде, учурда Кыргызстанда укуктук башаламандык өкүм сүрүүдө.

«Виртуалдык жашоодо жашап жатабыз, өзүбүзгө көйгөй жаратып, аларды чечүүгө аракет кылуудабыз, [бирок] планшет көтөргөн адам келип алып баарын аныктап жатат. [...] Башынан оор сыноону кечирген адамдар заматта “жогорку инстанциянын чындыгы” болуп алганын көрүп абдан жаман болуп турам», — деп белгиледи ал.

Масалиев саясатчы Бактыбек Калмаматов, активист Мирлан Ураимов, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана Kaktus Media басылмасы жарыялаган материал боюнча козголгон кылмыш иштерин «бетпактык» деп атап, буга чейин мындай нерсе болбогонун айтты.

Анын айтымында, жетекчилердин квалификациясы жетишсиз болгондуктан ушундай болууда, ал эми «алар окуп, мыйзамды карагылары келбейт».

«Аткаруу бийлигинин жетекчиси (Конституция боюнча ал президент) интернетте оппоненттери менен, болгондо да өтө орой позицияда кайым айтышканын кай жерден, кайсыл өлкөдөн көрдүңөр эле. “Урматсыздар”, “мээси жоктор”, “силер ким элеңер” — мындай болбошу керек. [...] Президенттин кимдир бирөөнү ачык эле кылмышкер деп атаганга, күч кызматкерлерине “иликтебесеңер жоопко тартыласыңар” деп эскертүү бергенге таптакыр укугу жок», — деп билдирди эл өкүлү.

Масалиев муну Кыргызстан бараткан «диктатуранын эң катаал формасы» деп эсептейт.

«Муну сиздерге — мен, өткөн кылымдын 30-жылдары [коммунисттер репрессияларга] жол беришкен деп, андан кийинки жылдары буга каршы күрөшүп келгенибизди унутуп калган көптөгөн демократтардын тепкисинде келе жаткан коммунисттердин жетекчиси айтып жатам. Биз бийликте идеалдуу боло алган жокпуз, бирок азыр баары андан да жаман салттар менен кайталанып жатат», — деди ал.

Депутат көйгөйлөрүн интернетке жазгысы келерин, бирок коркуп жатканын айтты — себеби аккаунтун бузуп, саясатчынын атынан «капысынан бети жок бирөө бир нерсе жазып салышы мүмкүн».

«Прокурор же соттор [мындайда] мени коргойт деп ишене албайм. Тескерисинче болот», — деп кошумчалады ал.

Масалиевдин пикиринде, учурдагы бийлик атаандаштары менен сүйлөшүп турушу керек.

«Бийлик коомчулук оңой эле көтөрүлүп жана оңой эле козголорун ойлонушу керек. Бир жалган айтуу, элди адаштыруу менен каалаганды чындык кылып көрсөтүүгө болбойт», — деп белгиледи Масалиев.

Кыргызстан «авторитардык өлкөлөрдүн клубунда»

2022-жылы 13-февралда Economist Group – The Economist Intelligence Unit уюмунун изилдөөчү жана анализ бөлүмү дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын деңгээли боюнча жылдык баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, Кыргызстан авторитардык режимде жашаган өлкөлөрдүн тизмесине кирген. Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылдын ичинде биринчи жолу «авторитардык өлкөлөрдүн клубуна» кошулду.

Мурдараак Жарандык коомдун глобалдык CIVICUS альянсы дагы жыл сайын жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жаңы президенттин — Садыр Жапаровдун — тушунда авторитардык режим күчөгөнүн белгилеген.

Бул баяндамада келирилген маалыматка Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев реакция кылган. Султанбаев «бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды авторитаризм түшүнүгү менен бир катарга коюуга болбойт» деп билдирген.

Садыр Жапаров президенттикке келгенден бери саясатчыларды, активисттерди жана журналисттерди камоо, аларга кылмыш ишин козгоо боюнча бир катар чуулгандуу окуялар болгон.