Башпрокуратура: «Милиционерлер бөтөлкө менен зордуктаганын» айткан аялдын иши кайра тергелет

Иллюстративдик сүрөт

Башкы прокуратура Ош шаарында милиционерлер тарабынан «кыйноого кабылганын» айткан Наргиза Ражапованын ишин УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгына кайра тергөөгө жиберди. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облустук прокуратурасынан 16-февралда билдиришти.

2017-жылы Ражапова жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Ош ШИИБнин кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы боюнча кылмыш ишин атайын кызматтын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы иликтеп баштаган.

2021-жылдын 22-октябрында аталган иш кыскартылганы жана Жалал-Абад облустук прокуратурасы 28-октябрда УКМКнын чечимин «негиздүү» деп тапканы белгилүү болду. Көзөмөл орган бул чечимди соттук-медициналык экспертиза «кыйноонун белгилерин аныктаган жок» деп негиздеген.

«[...] милиция кызматкерлери алардын баштарына пакет кийгизип, электрошокер колдонуп, тырмактарынын түбүнө ийне сайып кыйнагандыгын, ошондой эле Ражапованы желим бөтөлкө менен зордуктагандыгын мүнөздөөчү жарааттар, Ражапованын боюнан түшүп калгандыгы соттук-медициналык экспертизанын корутундуларына ылайык аныкталган эмес», — деп билдиришти прокуратурадан.

Анткен менен Башкы прокуратура Жалал-Абад облустук башкармалыгынын корутундусун карап чыгып, ишти 2021-жылдын 30-декабрында УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына кайра тергөө үчүн кайтарган.

«Иш мамлекеттик деңгээлде чечилбесе БУУга кайрылам»

Ал эми Ражапова «Клоопко» курган маегинде күч органдары кылмыш иши кыскаргандыгы туурасында ага маалыматты 2021-жылдын 1-декабрында бергенин билдирди. Ражапова бул чечим убагында берилбегенине нааразы болуп, анын жактоочулары 16-февралда Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылганын билдирди.

Ражапова милиционерлер тарабынан «бөтөлкө менен зордуктагандан кийин» боюнан түшүп калганын дагы бир жолу кайталады. Бирок, соттук-медициналык экспертиза боюнан түшүп калышына «вирус себеп болушу мүмкүн» деген тыянак чыгарганын айтат. Ошондой эле Ражапова көз карандысыз экспертиза анын организминде «вирус жок экенин» аныктаганын белгиледи.

«Эгиз балдарым өлүп калганы боюнча экспертизанын негизинде алар [тергөө органдары] иш козгоп берген. [Тергөө] аны жокко чыгарып, өздөрүнүн врачтарын чакырып, “вирустан түшүп калышы мүмкүн” деген тыянака келишиптир», — деди Ражапова.

Мындан сырткары, Ражапова Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жана УКМКнын «алсыз аялга эле күчү жетиптир» деп нааразы болду.

«Бирок муну мен жөн койбойм — эгер бул иш мамлекеттик деңгээлде чечилбесе, дүйнөлүк аренага чыгарам, Бириккен улуттар уюмуна кайрылам. Жөн эле калтырып койбойм», — деп жыйынтыктады сөзүн Ражапова.

Милиционердин өлүмү, Ражапованын иши

2017-жылы 23-мартта Ош шаарына жакын Учар айылында Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаанын салонунда баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын инспектору Таирбек Уларовдун сөөгү табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Уларовду оор буюм менен башка чабышканы аныкталган.

Бир нече күн өткөндөн кийин төрт шектүү адам кармалган: алар Наргиза Ражапова, анын жолдошу Дамир Шабыралиев жана алардын жашы жете элек уулу Элдияр жана Ражапованын иниси Мурат Ражапов.

Дамирбек Шабыралиев күнөөнү өз мойнуна алып, подполковник Уларовду аялын кызганып өлтүргөнүн билдирген.

Кийинчерээк Ражапова милиционерлер аны жана жакындарын сабап, баштарына баштык кийгизип муунтуп, тырмактарынын алдына ийне сайып, ал эми кызматкерлердин бири анын жыныс органына бөтөлкө тыгып жибергенин айтып чыккан.

Анын айтымында, натыйжада жыныс органына кан уюп, боюнан түшүп калган — Ражапова эгиздер менен кош бойлуу болгон.

«Мен аялдарды да кыйнашат деп ойлобопмун. Эркектерди кыйнашат деп уккам, бирок аялдарды да кыйнашаарын...», — деп айтып бергена ал.

Аял кыйноолордон улам күйөөсү чыдабай кетип, бүт күнөөнүн баарын мойнуна алганын билдирген. Бирок башкалардын баарын коё беришет деген шарт болгон деп айткан.

Андан соң аял кыйноого алынганын айтып прокуратурага арыз менен кайрылып, окуясын журналисттерге айтып берген. Мындан кийин өзүнө жана агасына «Алдамчылык» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ошол эле убакта, Ош шаардык соту Ражапованын жолдошу менен агасын күнөөлүү деп таап, алар «Адам өлтүрүү» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери боюнча 23 жана 7 жылга кесилишкен.

Кийинчерээк Ош облустук соту жазаны катуулап, Дамир Шабыралиевди өмүрү өткүчө эркинен ажыратып, ал эми Мурат Ражаповду 12 жылга кескен. Жогорку сот экинчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Ражапова өзү «Алдамчылык» беренеси боюнча акталган. Анын кылмыш жасаганы далилденген эмес.

Арадан бир жыл өткөн соң Наргиза Ражапованын адвокаттары милициянын кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголушун талап кылышкан. Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берген.

Бирок 2019-жылдын декабрда УКМКнын Оштогу башкармалыгы милиционерлерге каршы козголгон ишти кыскарткан.

КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ:

Ош УКМКсы кош бойлуу аялды кыйноо боюнча ишти токтотту — ал бөтөлкө менен кыйноого алынган

Башкы прокуратура боюнда бар аялды «кыйнаган» милиционерлерге кылмыш ишин козгоду