Ош УКМКсы кош бойлуу аялды кыйноо боюнча ишти токтотту — ал бөтөлкө менен кыйноого алынган

Милиция кызматкеринин 2017-жылдагы өлүмүнө Наргиза Ражапова менен анын үй-бүлө мүчөлөрү айыпталган. Шектүүлөр кыйноого кабылышканын билдирип, ал эми Башкы прокуратура кыйноо жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бирок 2019-жылы декабрда Ош УКМКсы милиционерлерге каршы ишти токтоткон. Раджапова «Клоопко» кыйноолордун айынан боюнан түшүп калганын билдирди. Ал буга каршы күрөшүүгө даяр жана УКМКнын чечимин даттанып койгон.

«Өлтүрүүнү мойнума алдырыш үчүн бир нече кызматкер сабап, мазакташты. Андан кийин бирөөсү желим бөтөлкөнү жыныс органыма тыгып, эс учумду жоготтум. Натыйжада боюман түшүп калды, боюмда эгиз балдар бар эле. Башкы прокуратура бир жыл өткөндөн кийин кыйноо боюнча ишин козгогон. Эми тергөөчү аны [кылмыш ишти] токтотуп койду. Биз бул токтомду сотто даттандык», — дейт Ражапова.

УКМКнын тергөөчүсүнүн токтомун талашуу боюнча сот отуруму 31-декабрда өтмөк, бирок ал 14-январга жылдырылган.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков милиционерлерди кыйноолор жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча «негизсиз айыптап жатышат» деп билдирди. Анын айтымында, Ражапова жана анын үй-бүлөсү мындай жол менен «жоопкерчиликтен кутулууга» аракет кылып жатышат. Ал кыйноолор тууралуу кылмыш иши эмне үчүн токтотулганын билбейт жана маалымат алуу үчүн прокуратурага кайрылууну өтүндү.

Ош шаардык прокуратурасы азырынча журналисттерге комментарий бере элек.

Милиционерди өлтүрүү

2017-жылы 23-мартта Ош шаарына жакын Учар айылында Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаанын салонунда баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын инспектору Таирбек Уларовдун сөөгү табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Уларовду оор буюм менен башка чабышканы аныкталган.

Бир нече күн өткөндөн кийин төрт шектүү адам кармалган: Наргиза Ражапова, анын жолдошу Дамир Шабыралиев жана алардын жашы жете элек уулу Элдияр жана иниси Мурат Ражапов.

Натыйжада Дамирбек Шабыралиев күнөөнү өз мойнуна алып, подполковник Уларовду аялын кызганып өлтүргөнүн билдирген — маркум дайыма Шабралиевдин аялы иштеген дүкөнгө барып турган. Ал эми Нооруз майрамы күнү, 21-мартта подполковник карызын берүү үчүн Шабралиевдин аялын жолугушууга чакырган. Шабыралиев аялынын артынан барып, Ражапова менен Уларов сүйлөшүп турушканын көргөн. Аялын кызганып, Уларовду басып жүргөн балдагы менен чаап, чочуп кеткенден кийин аны дагы бир нече жолу таш менен башка чапкан. Андан кийин Уларовдун денесин автоунаага салып алып үйүнө кетип калган.

Kaktus.media басылмасы жазгандай, Дамир Шабыралиев буга чейин 2006-жылы «Алдамчылык» беренеси боюнча соттолгон. Кийинчерээк ушундай эле берене боюнча Ражапова да шектүү катары өткөн. Шабыралиев Орусияга качып кеткен, ал эми анын жубайы 2010-жылы күнөөлүү деп табылган. 

Кыйноолор

Раджапованын айтымында, 21-марттагы чалуудан улам милиционерлерде жөн гана бөлөк шектүүлөр болгон эмес. Алар киши колдуу болгон Уларовдун бардык чалууларын текшерип чыгып, аны менен акыркы болуп Ражапова байланышканын аныкташкан.

Ражапова милиционерлер аны жана жакындарын сабап, баштарына баштык кийгизип муунтуп, тырмактарынын алдына ийне сайып, ал эми Жоодар аттуу кызматкерлердин бири жыныс органына бөтөлкө тыгып жибергенин айтат. Натыйжада жыныс органына кан уюп, боюнан түшүп калган — Ражапова эгиздер менен кош бойлуу болгон.

«Мен аялдарды да кыйнашат деп ойлобопмун. Эркектерди кыйнашат деп уккам, бирок аялдарды да кыйнашаарын...», — деп эскерди ошол күнүн Раджапова.

Анын айтымында, күйөөсү чыдабай кетип, бүт күнөөнүн баарын мойнуна алган. Бирок башкалардын баарын коё беришет деген шарт болгон. Баарын коё беришкен, бирок көпкө эмес.

Наргиза Ражапова кыйноого алынганын айтып прокуратурага арыз менен кайрылып, окуясын журналисттерге айтып бергенден кийин өзүнө жана агасына «Алдамчылык» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ошол эле убакта, Ош шаардык соту Ражапованын жолдошу менен агасын күнөөлүү деп таап, алар «Адам өлтүрүү» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери боюнча 23 жана 7 жылга кесилишкен. Кийинчерээк Ош облустук соту жазаны катуулап, Дамир Шабыралиевди өмүрү өткүчө эркинен ажыратып, ал эми Мурат Ражаповду 12 жылга кескен. Жогорку сот экинчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Ражапова өзү «Алдамчылык» беренесинде акталган — кылмыш далилденген эмес.

Арадан бир жыл өткөн соң Наргиза Ражапованын адвокаттары милициянын кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козготтура алышкан. Башкы прокуратура ишти УКМКга өткөрүп берген.

Токтомдо өткөрүлгөн экспертизага ылайык, Ражаповага травмадан кийинки стресстик бузулуу түрүндөгү психикалык зыян тийгизилген деп көрсөтүлгөн. Ультратыбыштуу изилдөөнүн протоколу ал 4-5 жумалык кош бойлуу болгонун көрсөткөн.