Кара-Суу: Эки унаа кагышып, 17 жана 19 жаштагы балдар каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки жеңил унаа кагышып 17 жана 19 жаштагы балдар мерт кетти. Ошондой эле төрт адам жабыркап ооруканага түштү.

ӨКМден «Клоопко» билдиришкендей, окуя 16-февраль күнү кечки саат 21:00 чамасында болгон. Ош — Бишкек жолунун 662-чакырымында «Жигули» жана «Нива» унаалары кагышып кеткен.

Ушундай эле кырсык 14-февралда Ош — Баткен — Исфана жолунун 147-чакырымында катталган. Анда эки унаа кагышып, 67 жаштагы аял жеринде каза тапкан.

Ал эми 4 жашар наристе, 70 жаштагы киши жана 34 жаштагы эки адам Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы «туруктуу» деп бааланган.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин 5 437 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 587 киши каза тапкан. Ошондой эле кырсыктан 8 298 киши жаракат алган.

2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.