ИИМ тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 600гө жакын адам көз жумганын айтты

2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, тогуз ай ичинде эле 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

«Көпчүлүк жолдордун параметрлери кыймылдын көптүгүнө жана тездигине туура келбейт, айрым участоктордо дайыма тыгын болот. Бул көбүнчө оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарына жана транспорттук тыгындарга алып келет», — дейт Исраилов.

Жыл башынан бери бир нече кишинин өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталган. Унаа жолдо каза тапкандардын арасында ымыркайлардан тарта карыяларга чейин бар.

Ал тургай 4-июнь күнү президент Садыр Жапаровдун өзүн коштогон унаалардын бири да Ысык-Көл районунун Ананьево айылында кырсыкка кабылган. Анда «мас абалдагы айдоочу» жолдун каршы тилкесине чыгып, мамлекеттик күзөттүн унаасын сүзгөн.

Анын кесепетинен Садыр Жапаровдун дарыгери Илгиз Усубалиев каза таап, дагы үч адам жабыркаган.

Мындан улам өлкө башчы 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.