Минкаб КТРКны президенттин карамагына берүүнү сунуштады

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (КТРК) реформалоо тууралуу мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунда КТРКны кайрадан «улуттук» телеканал кылуу демилгеленүүдө. Анда корпорациянын байкоочу кеңешин таратып, ал эми жетекчисин дайындоо укугун президентке берүү сунушталды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Маданият министрлиги.

КТРК Кыргызстандагы эң ири телерадиоберүү компаниясы болуп эсептелет, аны каржылоо үчүн бюджеттен жылына 350-400 млн сом акча бөлүнөт.

КТРКны реформалоо жана ага карата сындар

КТРКны реформалоо тууралуу маселе 2021-жылы эле айтыла баштаган.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши алдына коюлган милдеттерди аткарбай жатканын билдирген.

«Канал мамлекеттин ишин кылышы керек, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес. Мамлекеттин идеологиясын чагылдырып, социалдык көрсөтүүлөрдү бериши керек», — деген ал.

Массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева нобярда КТРКнын макамы жөнүндөгү мыйзамдын долбоору «президенттин 2021-жылдын 5-майындагы тапшырмасына ылайык» иштелип чыкканын түшүндүргөн.

Сарногоеванын айтымында, корпорациянын башкы директорун шайлоодо байкоочулук кеңеште «өтө чоң коррупциялык көрүнүш» болгон.

29-октябрда «Медиа Полиси Институту» 15 медиа, журналисттер жана редакторлор кол койгон медиакоомчулуктун кайрылуусун жарыялаган. Анда алар маданият министрлигинен «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну өтүнгөн.

Медиакоомчулук «сунушталган мыйзам долбоорунда демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгып, коомчулук телеканалдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албай калат деген пикирде. Ал эми журналисттер телерадиокорпорация мамлекеттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин кайрадан бийликтин аянтына айланат деп эсептешет.

КТРКнын байкоочу кеңеши

КТРК коомдук канал макамын 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин алган. Анда каналга нейтралдуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө шарт түзүү пландалып, редакциялык саясатты көзөмөлдөө үчүн 15 кишиден турган КТРКнын байкоочу кеңеши түзүлгөн.

Анын ичинен 5 кишини өлкө башчысы, дагы 5 адамды парламент, калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуштайт. Байкоочу кеңеш Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат жана анын бардык мүчөлөрү коомдук башталышта иштешет. Ал эми КТРКнын башкы директору байкоочу кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат.

Байкоочу кеңеш корпорациянын башкаруу органы болуп эсептелет. Ал редакциялык саясатты бекитүү, финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөөдөн баштап КТРКнын ачык-айкындыгын камсыздоого чейинки кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.