Соцфонд Жапаровдун аялына байланыштуу делген фирмадан 66 млн сом өндүрүүнү талап кылды

Ысык-Ата районудук соту минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун аялы менен байланыштуу делген «МИС» компаниясынан 66 млн сомдон ашык каражатты өндүрүү боюнча ишти карай баштады. Социалдык тармактарда компанияга жиберилген соттун кабарламасынын сүрөтү жарыяланды.

Билдирүү. Сүрөт интернеттен алынган.

Билдирүүдө Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту «МИС» компаниясынан карызды өндүрүү боюнча ишти 10-февралда карай турганы айтылат. Доо арызды сотко Социалдык фонд берген.

Материал жарык көрөр алдында соттун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

2020-жылдын октябрында финпол «МИС» (Машина сыноо станциясы) ачык акционердик коому өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качып, мамлекеттик бюджетке 90 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жатканын билдирген. Ошол убакта ведомстводогулар «МИСтин» негизги акционерлери болуп эки акционер эсептелинерин айткан — биринчиси E. C. L. офшор компаниясы жана экинчиси өлкөнүн жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин аялы Ж. А. Б.

Ошол эле кезде айрым ЖМКлар сөз EURASIA CAPITAL LIMITED компаниясы жана минкабдын учурдагы башчысы Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Барыктабасова тууралуу болуп жатканын маалымдашкан. 2017-жылы УКМК дагы Жапаровдун жубайы «МИСтин» акцияларына ээлик кыларын билдирген.

Акылбек Жапаров жана Анара Жапарова. Соцтүйүндөн алынган сүрөт

*Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Анара Жапарова АЙС МАКС», «Тридас», «ДАМАС-ФАРМ», «Дамас Ала-Тоо», «Алма Агро» жана «Тридас Милк» компанияларынын жетекчиси. «Дамас Ала-Тоонун» Жапаровадан тышкары дагы бир негиздөөчүсү бар — ал соода-өнөр жай палатасында «Дамас» отели катары көрсөтүлгөн «Глобалико Холдингс». «Глобалико Холдингстин» жетекчиси деп Улан Абыкеев көрсөтүлгөн, ал «Ala-Too impex» компаниясын дагы жетектейт, ал эми «Ala-Too impex’тин» негиздөөчүсү EURASIA CAPITAL LIMITED фирмасы эсептелет.

Каржы полициясы ошол кезде аталган компания Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ар кандай багыттагы 30 кыймылсыз мүлккө ээлик кылып, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка социалдык төлөмдөрдү аткарбай келгенин белгилеген.

Мындан сырткары, ишкана ири акча жүгүртүмүнө карабастан бир нече жылдан бери «нөлдүк отчётторду» тапшырып келген. Мындан улам мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө — 90 млн сомдук зыян келтирген.

«“МИС” ачык акционердик коому имараттарын университет, жеке мектеп, дүкөн, дарыкана, жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жай, өндүрүш цехи, тазалоочу цех жана башка коммерциялык багыттагы объектилерге ижарага берет», — деп кабарлаган каржы полициясы.

Ал эми минкабдын башчысы өзү 2022-жылдын 15-февралында жубайы компаниянын 2,5 пайыз акциясына ээлик кыларын жана «салык боюнча бир дагы сом карыз эместигин» билдирген.

«2009-2010-жылдары 200 млн сом ссуда алган экен. Ал ссуданы толук төлөп бүткөн. Бирок Социалдык фонд боюнча карызы бар экен. Күрөөсү дагы бар экен. Ал өзү төлөп отурат. Мен мына баарыңыздарга айтып коёюн: мен ал 200 млн сомун көргөн да эмесмин, бир тыйынын алып да калган эмеспиз. 2010-жылы Эсептөө палатасынын комиссиясы болгон, Азимбек Анаркулович революциядан кийин толук текшертип чыккан. Ошол 200 млн сомго аябай кымбат техникалар алынган, ошол техникалар бүгүнкү күнү күрөө катары турат», — деген Акылбек Жапаров.

Жапаров учурда аялы айыл чарба тармагында иш алып барып жатканын дагы кошумчалаган.

Мурдараак финпол «МИС» чындап эле 2009-жылы «айрым жогорку кызматтагы жооптуу адамдарын жардамы менен» үрөн тазалоочу заводду реконструкциялоо жана кант кызылчасынын уругун өстүрүү үчүн Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунан 200 миллион сомдук бюджеттик ссуда алганын, аны 2012-жылга чейин төлөп кутулмактыгын билдирген.

Кийинчерээк «МИС» чегерилген пайыздарды жана санкциялдарды кечүү менен менен карызды кайтаруу мөөнөтүн эки жолу, 2025-жылга чейин узарткан.

200 млн сомду мыйзам бөлүп берүү боюнча ишти Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп турган кезинде козгогон.

ТЕМА БОЮНЧА:  90 млн сомдук зыян. Депутат Жапаровдун жубайы салык төлөөдөн качууга шектелүүдө

ПолитКлиника: Министр Жапаров Мальта, оффшор жана 4 жылдыздуу отель менен кандай байланышта?