90 млн сомдук зыян. Депутат Жапаровдун жубайы салык төлөөдөн качууга шектелүүдө

«МИС» (Машина сыноо станциясы) ачык акционердик коому өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качып, мамлекеттик бюджетке 90 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жатат. Бул тууралуу 30-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматынан (каржы полициясы) билдиришти.

Аталган компания Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ар кандай багыттагы 30 кыймылсыз мүлккө ээлик кылып, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка социалдык төлөмдөрдү аткарбай келген. Мындан сырткары, ишкана ири акча жүгүртүмүнө карабастан бир нече жылдан бери «нөлдүк отчётторду» тапшырып келген.

*«МИС» ачык акционердик коому имараттарын университет, жеке мектеп, дүкөн, дарыкана, жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жай, өндүрүш цехи, тазалоочу цех жана башка коммерциялык багыттагы объектилерге ижарага берет. Салык кодексине ылайык, компания бул тууралуу отчёт бериши керек болчу.

Аталган компанияга 83 жеке жана эки юридикалык жактар ээлик кылат. Каржы полициясынын маалыматына ылайык, алардын арасында Eurasia Capital Limited оффшордук компания жана Анара Жапарова бар — ал депутат Акылбек Жапаровдун аялы.

Ошондой эле укук коргоо органдары аталган компания 2009-жылы Каржы министрлигине караштуу экономика өнүктүрүү фондунан 200 миллион сомдук бюджеттик ссуда алганын аныктады. Ал жылдары Акылбек Жапаров Экономикалык өнүгүү жана соода министри, кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеген.

«[Ссуда] 2012-жылы төлөнүүсү керек болгон. Бирок аталган каражаттар максатына ылайык иштетилген эмес. Компания мындан кийин каражаттарды кайтаруу мөөнөтүн эки жолу жылдырып, пайыздарды жана санкцияларды жокко чыгаруу менен 2025-жылга чейин жылдырылды», — деп айтылат каржы полициянын билдирүүсүндө.

Буга чейин мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылы «МИС» ачык акционердик коомуна 200 млн сомдук ссуданы мыйзамсыз бөлүү боюнча Акылбек Жапаров жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок бул иш бүгүнкү күнгө чейин аягына чыга элек.

Игорь Чудинов / Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров — Жогорку Кеңештин экинчи, бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты. Ошондой эле ал өкмөттөгү ар кандай кызматтарды ээлеп келген. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаган, бирок бир нече күндөн кийин бул кызматтан кайра бошоткон.