Президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Бул демилгеге ишкерлердин баары эле кубанып кеткен жок — айрым соодагерлер азыркыга чейин нааразычылык акцияларына чыгып, милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотууга каршы чыгышууда.
ККМ деген эмне, ал эмне үчүн керек жана кантип пайдаланылат? Ушул тууралуу айтып беребиз. Бизге улук салык инспектору Жаннат Абдыракманова жардам берди.
ККМ деген эмне? Аппаратты сөзсүз сатып алыш керекпи?
Көзөмөл-кассалык машина(ККМ) — бул маалыматты салык кызматынын бирдиктүү маалыматтык тутумуна онлайн режиминде жөнөтүп турган аппарат. Аны товар сатууда же кызмат көрсөткөн учурда колдонуу керек.
ККМ аппаратын сатып алуунун ордуна ишкерлер кадимки эле ККМдин функциясын аткарган мобилдик колдонмону телефонго жүктөп алса болот.
Учурда колдонмо бардык Android-смартфондоруна жеткиликтүү. Колдонмону иштетүү үчүн жана маалыматтарды салык кызматынын серверине жиберип туруу үчүн интернет керек. Ал эми IPhone үчүн колдонмо учурда иштеп чыгуу баскычында турат.
Салык кызматынын ютуб каналында ККМ менен иштөөнү түшүндүргөн видео плейлист бар: столго коюла турчу аппараттар, мобилдик тиркеме жана web-версиясы үчүн. Анда майда-баратына чейин түшүндүрмө берилген 26 видеоролик, анын ичинде системаны колдонуу тууралуу онлайн-семинардын жүрүшүндө жазылган тасма камтылган.
ККМ салыктарды эсептебейт, болгону тигил же бул ишкер жүзөгө ашырган ар бир төлөмдү каттап турат.
Ким ККМ колдонууга милдеттүү?
Ишмердүүлүгүнүн түрүнө карабастан физикалык жактарга товар саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер колдонууга милдеттүү. Эгерде сиз калк менен ушундай эсеп-кысап жүргүзсөңүз, анда сиз мыйзам боюнча, ККМ колдонушуңуз керек.
Эгер мен патент сатып алсам, ККМ керек эмеспи? Же колдонушум керекпи?
Булар өз ара байланышы жок (жана бири-бирин жокко чыгара албай турган) нерселер.
Ишкерге патент качан гана алектенген ишмердүүлүгү талап кылган учурда керек. Эгер ал патентсиз эле иштей алса, анда кереги жок. Мындай учурда ишкер өзүнө ылайык келген салык режимин тандашы керек.
Эмне үчүн ККМ тутуму киргизиле баштады?
ККМ 2016-жылы эле киргизиле баштаган — бирок анда ири жана орто бизнеске гана тиешелүү болчу. Эми чакан бизнеске кезек жетти. Ошол эле учурда, ККМ колдонуу жөнүндө ченем Кыргызстанда 1995-жылдан бери эле колдонулуп келет.
Салык кызматы ишкерлер ККМ колдоно баштаса товар жүгүртүүнүн көмүскө бөлүгүн ачыкка чыгарат деп эсептейт. Мамлекет өлкөдөгү товар жүгүртүүгө реалдуу баа берип, маалыматтарды анализ кыла алат. Бул Кыргызстанга кошумча инвестиция тартууга мүмкүндүк берек.
Мындан тышары, ККМ салыкты төлөөнү адилеттүү кылуунун дагы бир жолу. ККМ системасы киргенге чейин милдеттүү патент төлөгөн ишкерлер, кирешесинин көлөмүнө карабастан баары бирдей төлөшчү.
«Азыраак товар айлантса — эч нерсе төлөбөйт. Товар жүгүртүү орточобу — азыраак төлөйт. Ири өлчөмдө товар жүгүртүлсө — тийиштүү өлчөмдө салык төлөйт. ККМ мына ушул учурду жөнгө салат», — деп эсептейт салык кызматкери Жаннат Адыракманова.
ККМ колдонуунун ишкерлер үчүн кандай пайдасы бар?
ККМ бизнеске товарды эсепке алууга жардам берет. Андан тышкары, салык кызматы ККМди активдүү колдонгон ишкерлерди текшерүүлөр азаят деп убада берип жатат.
«Эгер ишкерде бардык маалыматтар ачык-айкын жана жеткиликтүү болсо, салык кызматы кошумча текшерүүлөрдү жүргүзбөйт», — деп билдиришти алар.
Дагы бир жакшы жери — эгер жылдык товар жүгүртүү 8 млн сомдон ашпаса салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу мүмкүнчүлүгү бар. Салык кызматындагылар бул чакан бизнестин өсүшүнө жана кеңейүүсүнө өбөлгө болот деп эсептешет.
Чакан бизнес кайсы салыктан бошотулат?
ККМ колдонгон жана жылдык товар жүгүтүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер сатуудан алынчу салыктан, киреше салыгынан жана нарк салыгынан бошотулат.
Ошентсе да ишкерлер жеке киреше салыгын, жер салыгын, мүлк салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшү керек. Эгер ишкердин ишмердүүлүгү ыктыярдуу патент сатып алууну талап кылса, анда аны да сатып алуусу керек.
Товар жүгүртүү 8 миллион сомдон ашык болсочу?
Анда ишкерлер жалпы же бирдиктүү салык режимдерин тандашы керек болот.
Жалпы салык режими — сатуудан түшкөн кирешенин 1%ын салык катары төлөө дегендик.
Бирдиктүү салык режиминде болсо пайыздык чендер бир аз жогору: накталай төлөнгөн учурда 4%, накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн учурда — 2%.
Экономика министрлигинин адиси «Кактус» басылмасына курган маегинде ишкерлер бирдиктүү салык режиминдеги пайыздык чендердин жогору экенине нааразы болушканын, бул маселе дагы «иштелип чыгарын» айткан. Министрлик «бардык кызыкчылыктарды эске алууга аракет кылууда».
Дал ушул 4%дык ченден улам «Дордой» базарындагы соодагерлер 15-февралда митингге чыгышкан. Алардын бири сатылган товардан болгону 10% маржа алышарын, эгер товар алмашуу көлөмү 8 миллиондон ашса 4%ын мамлекетке төлөөгө туура келерин айткан.
«Биз кирешенин жарымын мамлекетке бересек, бирок тобокелчиликтин барын өзүбүз алып жатабыз. Салык кодекси чийки жана дагы да толуктоого, кайра кароого муктаж», — деп нааразы болгон ал.
ККМ колдонбой койсоң эмне болот?
Мыйзам боюнча, эгер ишкер ККМ колдонбосо, ага (физикалык жактар үчүн) 7500 сом же (юридикалык жактар үчүн) 23 миң сом айып салынышы мүмкүн.
Иштебеген ККМ дагы штарф салууга себеп болушу мүмкүн — 3000 сом жана тийиштүү 13 миң сом. Ошол эле учурда айрым ишкерлер онлайн-ККМдин туруксуз жана ыңгайсыз ишине даттанышкан болчу.
Бизнес эмне дейт?
JIA бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов мамлекет милдеттүү ККМ киргизүү аркылуу бир нече маселени чечүүнү каалайт деп ойлойт. Бул көмүскө экономиканы жоюу, бейформал жумуштуулук маселесин чечүү жана мамбюджетти толтуруу.
Ал ККМ салык системасын адилеттүү кылуучу инструменттердин бири экенин моюнга алат.
«Бирок ККМ — инструменттердин бири эле. Ушуга эле үмүт артуу менен ишкерлердин баарын көмүскөдөн алып чыгуу мүмкүн эмес. Алар көмүскөдө болуп жатканынын себептери бар. Мисалы, салыктын жана социалдык төлөмдөрдүн пайыздары чоң болушу», — деп түшүндүрдү Омошов.
Ошол эле учурда эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери бизнес патент системасы менен иштөөгө көнүп калганын кошумчалайт.
«Элестеткиле — жаран ансыз деле өзү каалагандай шартта иштебейт, аны ал ортодо аппаратты чукулап, чек бериши керек», — дейт Омошов. Анын айтымында, бийлик ишкерлерге ККМ аппараты ыңгайлуубу же жокпу эске алышы керек.
Ишкерлер эмнеге нааразы болушууда?
Ишкерлерди ККМларды колдонууга милдеттендирген жаңы Салык кодекси кабыл алынганга чейин эле ишкерлер андагы көйгөйлөр тууралуу айтып келишкен. Бийлик кодекстин долбоорун 2021-жылы эле карай баштаган, жарым жылдан кийин парламент аны кабыл алган.
Кодекс бир нече ирет депутаттардын да, ишкерлердин да сынына кабылган. 2021-жылы октябрда өлкөнүн бизнес-коомчулугу документке толуктоолорду киргизүү керектигин айтып президентке кайрылышкан.
Салык кызматынын кызматкери Жаннат Абдыракманова болсо ККМга нааразы болгон ишкерлердин бийликтен жашыра турганы бар деп эсептейт.
«[Милдеттү ККМди киргизүүгө] каршы болгон ишкерлер эгер алардын товар жүгүртүүсү жылына 8 млн сомдон ашса, анда аларга башка салык чендери салынып каларын түшүнүп турушат», — дейт ал.
JIA бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошовдун пикиринде, ишкерлердин ККМга каршы митингге чыгышына мамлекеттик түзүмдөрдүн начар коммуникациясы себепкер.
«Бир нерсе сунуштап жатканда аргументтерди даярдап, варианттарды сунушташ керек. Өкмөт бир нерсе сунуштаса ар бир жаранга жеткире турган так маалыматтары болушу керек», — дейт ал.
Дагы башка бир катар ишкерлер «Клооптун» журналисттери менен болгон маек учурунда милдеттүү ККМ орнотууга ишкерлердин негативдүү реакциясынын себеби — салык жана киргизилген жаңы эрежелер боюнча жакшы маалыматтык кампания жүргүзүлбөгөнү экенин тастыкташты.
Сатуучулар арасында «маалыматтык-түшүндүрүү иштери жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнү» тууралуу 8-февралда «Дордой» жана «Ош» базарларына барганда президент Садыр Жапаров да айткан.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент соодагерлерге көзөмөл-кассалык мишина орнотуунун максатын түшүндүргөнү барганын билдирген.
Жапаров бул маалыматты ишкелерге жеткиликтүү кылып айтып бере алдыбы же жокпу белгисиз. Бирок 15-февралда «Дордой» базарынын соодагерлери кайрадан милдеттүү ККМге каршы митингге чыгышкан.