«ККМ орнотууга каршыбыз». «Дордой» базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты

Бишкек шаарындагы «Дордой» базарынын 100дөн ашык соодагери 15-декабрда кайрадан нааразычылык акцияга чыкты. Алар көзөмөл-кассалык машина (ККМ) киргизүүгө каршы болушууда.

Соодагерлер эмнеге нааразы?

Митингге чыккан «Дордой» базарынын соодагерлери. Сүрөт: «Кактус Медиа»

Митингге чыккандар ККМ орнотууга экономикалык жаткан даяр эмес экенин айтып, жаңы салык кодекси коррупцияга жол ача турганын белгилешти.

«Биз ачык асман алдында иштеп атабыз, эч кандай шарт жок. Анан кайдагы кассалык машинаны айтып атышат? ККМ жана жаңы Салык кодекси киргенден баштап, бизди 12 ай бою текшерип башташат. Бул болсо коррупцияга жол ачат. Бизди колдогондун ордуна, дайыма текшеришет», — деп нааразы болду соодагер айым.

Базардын дагы бир соодагери ККМди каалаган адамдар койдурсун, каалабагандар патент менен иштесин деген пикирин билдирди.

«Базарда тургандардын жогорку кирешеси 10 пайызды түзсө, анын төрт пайызын мамлекетке беришибиз керек болот. Бул биздин кирешенин жарымы. Адилетсиздик болуп атат. Салыктын көбөйтүлүшү товардын кымбатташына алып келет. Өлкөдө ансыз да баары кымбат, кризис болуп атат», — дейт дагы бир соодагер.

Буга чейин, 2021-жылдын декабрында көзөмөлдөөчү кассалык машина (ККМ) киргизүүгө каршы экенин айтып «Таатан» базарынын соодагерлери, Токмоктун жеке ишкерлери, Кемин районунун ишкерлери жана «Дордой», «Дордой-Моторс» базарынын соодагери нааразычылык акцияга чыгышкан.

Кыргыз бийлиги эмне деген?

Мурда митингге чыккан соодагерлер менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жолуккан.

Экономика министри Данияр Амангелдиев коррупцияны жоюу жана ачык-айкындуулук элдин өзүнүн талабы экенин белгилеген.

«Көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү коррупция менен күрөшүүгө багытталган. Аппарат орнотулгандан кийин Салык кызматынын кызматкери базарга барбай, соодагерлер менен баарлашып, акча сурабайт. Баарын бир борбор башкара алат», — деген ал.

Ал эми 12-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Дордой» базарынын соодагерлери менен жолугуп, ККМ контарбандадан жана эсепке алынбагын товарларды алып кирүүдөн арылууга жардам берерин айткан.

«Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде бардык жерде эсептегичтер болушу керектигин түшүндүрүүгө даярбыз. Ал контарбандадан жана эсепке алынбагын товарларды алып кирүүдөн арылууга жардам берет», — деп түшүндүргөн ал.

Президент Садыр Жапаров «Ош» базарында.

Ал эми 8-февралда Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен бирге «Ош» жана «Дордой» базарына көзөмөл-кассалык мишина орнотуунун максатын түшүндүрүү үчүн барган.

Анда президент өкмөт ККМ тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай калгандыктан, иш токтоп турганын белгилеген.

«Сегиз миллионго чейин чек бар. Силер азыр патент алып соода кыласыңар э? Эгер айланып жаткан акча сегиз миллионго жетпесе, эч нерсе албайбыз, соода кылгыла деп атабыз. Силердин жашоо-тиричилигиңерди көтөрөлү деп атабыз. [...] Эгер сегиз миллиондон ашса, кирешенин бир бөлүгүн берип коёт», — деген ал.

Тема боюна: Президент «Ош» жана «Дордой» базарын кыдырды

Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина

Көзөмөл-кассалык машина

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү.

Салык кызматынан белгилешкендей, ККМ* — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири.

*Көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) – банктык төлөм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат көрсөтүү жана иштерди аткаруу же соода операцияларында жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөрдү пайдаланууга багытталган фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар.

Ведомстводон учурда ККМдин эки — аппараттык жана программалык түрлөрү колдондонулуп жатканын эске салышты. ККМди жүктөп алуу акысыз — система смартфонго, планшетке жана компьютерге орнотулат. Ал эми сатуучуга дүмүрчөк берүү үчүн дүмүрчөк чыгарган принтерди сатып алганы гана жетиштүү.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Тема боюнча:

«Дордой-Моторс» базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыкт

Бишкек: «Таатандын» соодагерлери милдеттүү кассалык аппараттарга каршы митингге чыкты

Салык кызматы ККМдин киргизилишине каршы чыккан соодагерлерге жооп берди