«Бир окуучууга 7 сом». Билим берүү министрлиги тамак-ашка көбүрөөк акча бөлүүнү суранды

Мектептерде бир окуучунун тамак-ашы үчүн 7 сом бөлүнөт. Бул тууралуу 21-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жусупбекова окуучуларга шаарларда 7 сомдон, ал эми алыскы аймактарда 10 сомдон бөлүнөрүн белгиледи. Анын айтымында, азык-түлүк кымбаттагандыктан бул акча жетпей жатат.

«Биз ачык эле айтышыбыз керек. Райондордо, шаарларда тендер өткөргөндө компаниялардын азык түлүктү жеткирүүгө каалоосу жок. Экинчиден туура тамактануу боюнча менюнун 23 түрү бар. Ошого азык-түлүк кымбаттап кеткендиктен, биз Каржы министрлигине эки жолу кат менен кайрылдык. Жок дегенде 7 сомду 14 сом, 10 сомду 20 сом кылганга. Ошондо гана азык түлүктүн бааларына дал келет эле. Каржы министрлиги маселени комплекстүү карайлы деп жатат. Болбосо тендерге катышкан компаниялардын каалоосу жок болуп жатат», — деди Жусупбекова.

Депутат Айгүл Айдарова 7 сомго кандай тамак жасалары боюнча кимдир бирөө көзөмөл жүргүзөбү деп кызыкты.

«Биз ашпозчунун штатын ачып, айлык берип, системалуу түрдө окутуп билим деңгээлин жоготулатып жатабыз. Ал эми Санэпидемкөзөмөлдүн ар бир район, шаарлардагы кызматкерлери пландуу түрдө тамактын калориясы менюга туура келип жатабы, баарын текшеришет. Бул түздөн-түз алардын көзөмөлүндө. Андан тышкары, мектеп директору, мугалимдердин, ата-энелердин өзүнчө комиссиясы бар. Алар дагы текшерип турушат», — деп жооп берди ал.

8-февралда Бишкек шаардык кеңешинин сайтына 2022-жылга карата шаардын бюджетинин долбоору коомдук талкууга коюлган. Ага ылайык, Бишкек шаардык мэриясы бала бакчалар менен мектептердин тамак-ашына деп бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү пландоодо.

Буга чейин калаанын вице-мэри Виктория Мозгачёва бала бакчалардагы тамак-аштын баасы 2011-жылдан бери карала электигин билдирген.

Тема боюнча:  Мына бюджет — мектепти куткар! Биз менен оюн ойноп көрүңүз

Ош: Эксперттер Терешкова мектеп-интернатындагы шарттарды кыйноолор менен салыштырышты