Мамлекеттик ипотекалык компания жылына 4% үстөк менен насыя берүүнү жандандырды

Мамлекеттик ипотекалык компания «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «Жеңилдетилген ипотека» жана «Жеткиликтүү ипотека» багыттары боюнча каржылоону жана насыя берүүнү жандантты. Бул мамлекеттик кызматкерлер жылына 4% үстөк менен турак-жай сатып алуу үчүн насыя ала турган программа.

Компаниядан 21-февралдан тарта турак-жай программасынын кредит алууга макулдук алган катышуучулары өнөктөш-банктарга — «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Бакай Банк» — кайрылса болот деп белгиледи.

Мамлекеттик ипотекалык компания бул программа боюнча арыздарды кабыл алууну 2021-жылдын 1-октябрында токтоткон. Ал учурда МИК ипотекалык насыяга суроо-талап көп болгондуктан банктар арыздарды жетиштүү түрдө алып койгону менен түшүндүргөн. Ал эми каржы чектелүү экени айтылган.

Компаниядан буга чейин келип түшкөн билдирүүлөр каралып бүткөндөн кийин жаңы билдирүүлөрдү кабыл алуу башталарын кошумчалашты.

«Менин үйүм 2021-2026» программасы 2021-жылдын 16-сентябрында иштеп баштаган. Программанын катышуучулары сатып алууну көздөп жаткан кыймылсыз мүлктүн баасынын баштапкы 10%ын же кошумча күрөө төлөшү керек. Кредиттин максималдуу суммасы 4 млн сомдон ашпашы керек.

«Жеткиликтүү турак жай 2015»

2015-жылы «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы кабыл алынып, бийлик аны ишке ашырууну Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөп, долбоорду ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралган.

МИК программанын алкагында коммерциялык банктар менен келишим түзүп, жарандарга төмөндөтүлгөн пайыздар менен ипотекалык насыяларды берген. «Жеткиликтүү турак жай» аркылуу ипотекалык насыяларды алган биринчи кардарлар 12-14% менен алышкан.

Ал эми пайыздарды төмөндөтүү үчүн өкмөт 2019-жылдын май айына чейин эле Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 4,8 млрд сом бөлгөн. Бул мезгил аралыгында 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн. Бара-бара ипотекалык насыялардын пайыздык чени төмөндөтүлүп, 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта насыя 6-8% менен бериле баштаган.

Пандемиядан улам пайда болгон жумушсуздук жарандардын көпчүлүгүнө көйгөй жараткан. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштаганы менен, насыя алуучулар ипотеканы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгонун айтышкан.

2019-жылдын 23-декабрда бир топ жарандар ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмүн төмөндөтүп берүүнү өтүнүшүп, митингге чыгышкан. Ошондой эле алар өкмөткө кат жолдошкон. МИКтин маалыматына ылайык, пандемия учурунда ишкана 1 миңге чукул насыялардын мөөнөтүн узарткан.