Кыргызстанда жылына 4% үстөк менен мамипотекага арыздарды кабыл алуу токтотулду

Мамипотекалык компаниянын басма сөз кызматы 1-октябрда «Менин үйүм 2021-2026» программасынын өнөктөш-банктары «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча арыздарды кабыл алууну токтотконун кабарлады. Бул программа аркылуу мамлекеттик кызматкерлер үй сатып алууга 4% үстөк менен насыя ала алат.

Сүрөт:МИК 

МИК ипотекалык насыяга суроо-талап көп болгондуктан банктар арыздарды жетиштүү түрдө алып койгонун түшүндүрөт. Каржы чектелүү.

Компаниядан кошумчалашкандай, арыздарды кайрадан кабыл алуу азыркылары каралгандан кийин башталат. Кайра кабыл алуу качан башталарын мекеме өз сайтында кабарлайт.

Ошол эле учурда МИК «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча арыздарды кабыл алуу уланып жатканын эскертти. Бул программа боюнча кыргызстандыктар жылдыгы 8%дык ипотека алууга арыздарды тапшыра алышат.

«Менин үйүм 2021-2026»

«Менин үйүм 2021-2026» программасы 2021-жылдын 16-сентябрда старт алган. Программанын катышуучусу алгач сатып алып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркынын 10%ын төгүп же кошумча күрөө коюшу керек. Кредиттин максималдуу суммасы 4 млн сомду түзөт.

Буга чейин, 7-сентябрда мугалимдер менен медицина кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Алар үй сатып алуу үчүн үстөк пайызды төмөндөтүүнү талап кылган.

Митингге катышкандардын бири Асел Коңурбаева 2017-жылы 10 пайыздык үстөк менен ипотекага үй алганын айтып берген.

«Баштапкы төлөм аз эле болчу, 15 жылга алгам. Үч жылдын ичинде ипотека 8%га чейин төмөндөдү. Бул дагы деле чоң сумма. Тактык ирээтинде айта кетсем: Мен 14-15 миң сом айлык алам, анын 9 миң 200 сому ипотекага кетет», — деген ал.

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020»

2015-жылы «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы кабыл алынып, бийлик аны ишке ашырууну Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөп, долбоорду ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралганы айтылган.

МИК программанын алкагында коммерциялык банктар менен келишим түзүп, жарандарга төмөндөтүлгөн пайыздар менен ипотекалык насыяларды берген. «Жергиликтүү турак жай» аркылуу ипотекалык насыяларды алган биринчи кардарлар 12-14% менен алышкан.

Ал эми пайыздарды төмөндөтүү үчүн өкмөт 2019-жылдын май айына чейин эле Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 4,8 млрд сом бөлгөн. Бул мезгил аралыгында 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн. Бара-бара ипотекалык насыялардын пайыз чени төмөндөтүлүп, 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта насыя 6-8% менен бериле баштаган.

Пандемиядан улам пайда болгон жумушсуздук жарандардын көпчүлүгүнө көйгөй жараткан. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштаганы менен, насыя алуучулар ипотеканы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгонун айткан.

2019-жылдын 23-декабрда бир топ жарандар ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмүн төмөндөтүп берүүнү өтүнүшүп, митингге чыгышкан. Ошондой эле алар өкмөткө кат жолдошкон. МИКтин маалыматына ылайык, пандемия учурунда ишкана 1 миңге чукул насыялардын мөөнөтүн узарткан.