Коллаж: Джеймс О’Брайен / OCCRP

Аты: Косим Рохбар

Кыскача сүрөттөмө: Тажикстандык аткаминер

БАНКТЫК ЭСЕБИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ:

Эсептин түрү: Жеке

Эсептин колдонулган мөөнөтү: 2004-жылдын 11-августу — 2011-жылдын 5-августу

Максималдуу баланс: 8 883 230 CHF

Иликтөөнүн урунтуу учурлары: Тажикстандын мыйзамдары чиновниктерге чет өлкөлөрдө банктын эсепке ээ болууга тыюу салат. Бирок бул авторитардык президент Эмомали Рахмондун таасирдүү тарапташы Косим Рохбарга Швейцарияда миллиондогон долларларды сактоого тоскоол боло алган эмес.

Саясатчы, таасирдүүлүктүн сатуучусу, болжолдуу кримтөбөл: Косим Рохбар ээ болгон кадыр-барктын байыркы таржымалы бар.

Рохбар эмгек жолун 1989-жылы коммунисттик жаштар кыймылында иштеп баштап, Советтер Союзу ыдырап, өлкөдө каардуу жарандык согуш аяктаган соң кызматтык тепкичтен көтөрүлгөн. Ал постсоветтик өлкөлөрдүп башчыларынын арасында бийлигин бербей келе жаткан Тажикстандын авторитардык президенти Эмомали Рахмондун жакын союздашына айланган. Ал Согди облусунун губернатору жана айыл чарба министри сыяктуу таасирдүү кызматтарды аркалаган.

Ошол эле мезгилде Рохбар булагы түшүнүксүз байлык топтогон көмүскө ишкер катары белгилүү. ЖМКларда (Тажикстандагы репрессиялык саясий климаттан жана журналисттерге кол салуулардан улам) каймана ат менен же анонимдүү жарыяланган билдирүүлөрдө аткаминер жана бир туугандары кайсы бир убактарда паракорлук жана рэкетчилик аркылуу Согди облусунун экономикалык жашоосун дээрлик толугу менен көзөмөлгө алганы айтылат.

АКШнын 2008-жылдагы дипломатиялык каттарынын биринде Рохбар президент Рахмондун түштүктөгү фракциясынын атынан Тажикстандын тынчы жок түндүгүн башкарган «мафиянын ана башчысы катары кеңири белгилүү» экени айтылат.

Рохбардын жубайы социалдык тармактарга үй-бүлөнүн бай экенин кыйытып, такай кымбат баалуу үйлөрдүн сүрөттөрүн чыгарат. Бирок акыркы убактарга чейин бул байлыкты документалдуу түрдө эч ким тастыктай алган эмес.

Рохбар үйүндө жубайы, атактуу тажик ырчысы Фируза Алифова менен. Сүрөт: Фируза Алифова / Instagram

Эми болсо Credit Suisse’тин ачыкка чыгып кеткен маалыматтары Рохбардын бул банкта 2004-жылдан 2011-жылга чейин эсеби болгонун аныктоого жол ачты. Эсебиндеги 2010-жылдын июль айына карата максималдуу балансы 8,8 миллион шфейцариялык франкты (болжол менен 8,5 миллион АКШ доллары) түзгөн.

«Credit Suisse’тин сырлары» долбоору тууралуу

«Credit Suisse’тин сырлары» — Швейцариянын эң ири банкы деп эсептелген Credit Suisse банкынан ачыкка чыгып кеткен банктык эсептерге негизделген трансчек аралык журналисттик иликтөөчүлүк долбоору.

Бул маалыматты анонимдүү булак Süddeutsche Zeitung немис гезитине берген, аталган гезит маалыматты OCCRP жана башка 46 өнөктөш медиа менен бөлүшкөн. Беш континенттин журналисттери банктык файлдарды изилдеп, инсайдерлер, тескөөчүлөр жана тергөө органдарынын өкүлдөрү менен баарлашып, колго тийген маалыматтарды сот материалдарынын жана каржылык отчёттордун жардамы менен текшерип чыгышты. Ачыкка чыгып кеткен документтерде 1940-жылдан тартып, болжолдуу 2010-жылдын ортосуна чейин ачылган 18 минден ашык банктык эсеп тууралуу маалыматтар бар. Жалпылап айтканда, бул эсептерде жүз миллиард доллардан ашык акча айланган.

«Швейцариянын банктык сыр боюнча мыйзамдары көңүл иренжитерине ишенем, — деп айтылат ачыкка чыгып кеткен маалыматты коштогон билдирүүдө. — Купуялуулукту сактоо милдети — бул Швейцариянын банктары үчүн салык төлөөдөн качкандарга абийирсиз жардамдашуунун көшөгөсү болуп эсептелет. Түзүлүп калган система коррупцияны жаратып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү зарыл салыктардан ажыратат», — деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттердин колуна тийген Credit Suisse банкынын маалыматтары толук эмес болгондуктан, аларды бир нече маанилүү жагдайларды эске алуу менен чечмелөө керек. Долбоор, маалымат булагы жана негизги жыйынтыктар тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.

Ушул убакка чейин мыйзам тажик чиновниктерине чет элдик банктарда эсепке ээ болууга тыюу салып келген.

2006 жана 2008-жылдардын аралыгында, бир жылдан бир аз ашык убакыт, Рохбар мыйзамдагы өзгөртүүлөрдөн жана парламентарийлер үчүн берилген артыкчылыктардан улам эсепке мыйзамдуу түрдө ээлик кыла алат эле.

«Бул мыйзамга бир нече жолу түзөтүүлөр киргизилген, бирок баары бир деле мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөдө банктык эсепке ээ болууга же ишкердик кылууга тыюу салынып келген», — деди OCCRP’ге Тажикстандын оппозициялык Социал-демократиялык партиясы менен байланышы бар тажикстандык юрист Шакиржон Хакимов.

Рохбар комментарий берүү өтүнүчтөрүнө жооп берген жок.

Ал эми Credit Suisse банкы OCCRP жана Süddeutsche Zeitung гезитинин өтүнүчүнө жооп берип, кардарларынын ортосундагы мамилеге комментарий бере албасын билдирип, «[банктын] болушу мүмкүн делген иш тажрыйбасы менен айыптарды» четке какты. (Банктын «Credit Suisse сырлары» долбооруна берген толук жообун бул жерден окуңуз)

Рохбар мынча акчаны кантип топтогону түшүнүсүз. Тажикстанда аткаминерлердин айлыгы жарыяланбаганы менен 2016-жылы өлкөнүн Борбордук банкынын башчысы айына 640 долларга чукул акча табарын билдирген. Анын айтымында, айлыгы башка жогорку мамлекетик кызматтардагы маянага барабар.

Рохбардын карьерасы Эмомали Рахмон 1994-жылдагы президенттик шайлоону жеңгенден кийин өсө баштаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Human Rights Watch укук коргоо уюму шайлоо тутамдап бюллетень таштоо, бурмалоо жана коркутуулар менен коштолгонун билдирген.

Рохбар Согди облусунун губернатору болуп 1996-жылы дайындалган. Түндүктө Рахмондун бийлигин бекемдеп бул кызматта он жыл отурган. Ошол эле кезде 1995-жылдан тартып Тажикстандын парламентинде, андан соң 2000-2006-жылдары Сенатта иштеген.

2008-жылы Рохбар айыл чарба министри болуп дайындалып, өлкөдөгү чет өлкөлүк валютанын эң ири булагынын бири болгон Тажикстандын пахта тармагын тескей баштаган. Бул кызматта 2015-жылга чейин иштеген, ал убакта БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму Тажикстан түшүм жыйноо үчүн адамдарды жана балдарды мажбурлап эмгекке тартканын билдирген.

Укук коргоочу-юрист Стив Свердлоу Тажикстандын саясий системасы өтө терең коррупциялашканын, ал эми жергиликтүү саясатчылар мыйзамсыз киреше алып, аны Рахмондордун үй-бүлөсүнө берерин тушүндүрдү.

«Коррупция бардык жерде бар жана бүтүндөй системаны каптаган — деп белгилейт ал. — Губернаторлор, ал тургай мэрлер — чындап эле ресурстарды бөлүштүрүү, пара чогултуу, аны андан ары түйүн аркылуу өткөрүп берүүдөгү таасирдүү оюнчулар».

Рохбардын байлык булагын жеке бизнес жүргүзгөнү түшүндүрүшү мүмкүн. Тажикстандын мыйзамдары чиновниктерге коммерциялык иш жүргүзүүгө тыюу салат, бирок OCCRP Рохбардын бир туугандарынын көптөгөн бизнес-долбоорлору болушу мүмкүн экенин аныктады.

Тажикстандын салык реестриндеги маалыматка ылайык, Рохбардын бир тууганы Зафар Косимов кыймылсыз мүлктү башкаруу боюнча «Тирози Джахони» фирмасына ээлик кыларын, фирма өз кезегинде тажик микрокредиттик «Матин» уюмунун ээсинин бири катары көрсөтүлгөн. Дагы бир бир тууганы Джафар Косимов Москвада чай, кофе, какао жана башка өнүмдөрдү саткан дүң соода дүкөнүнө ээлик кылат.

2006-жылы Wikileaks тарабынан жарыяланган АКШнын Тажикстандагы элчилигинин дипломатиялык катында Рохбардын бир тууганы Indigo Cellular уюлдук операторунун Согди облусундагы «негизги өнөктөшү» деп көрсөтүлгөн. Дипломатиялык каттын авторлору МТС корпорациясына таянышкан, докумените көрсөтүлгөндөй, МТС Indigo компаниясына жарым-жартылай ээлик кылат. Катта Рохбардын бир тууганынын ысымы аталган эмес, анын үлүшү же ролу тууралуу кеңири маалымат жок.

2007-жылы Швециянын Teliasonera компаниясы Indigo’ну жана анын атаандашы Somoncom’ду сатып алып, аларды TCell операторуна бириктирген. Кийин OCCRP жана Швециянын SVT телеканалынын иликтөөсү Teliasonera Өзбекстанда лицензиялар үчүн жүздөгөн миллион доллар пара бергенин көрсөткөн. АКШнын, Нидерланддын жана Швециянын укук коргоо органдарынын иликтөөлөрү дээрлик бир миллиард доллар штрафка алып келген.

OCCRP’нин журналисттери комментарий алуу үчүн Рохбардын бир туугандарына кайрылышты, бирок алар жооп келген жок.

2022-жылдын башына чейин Рохбар президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы болгон, андан кийин Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан чакан Гиссар шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.