Коллаж: Джеймс О’Брайен / OCCRP

Швейцариялык банктар сырдуулугу менен таанымал, алар тоо койнуна бекем катылган кенчтерди эске салат. Ал эми Швейцария өкмөтү ушул аброюн сактап калуу үчүн колунан келгендин баарын жасайт.

Бирок банктын капчыктуу кардарларына жакшы болгон нерсе, калгандары үчүн жаман болушу мүмкүн. Саткын саясатчылар же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү акчаларын бөтөн көздөн далдоо деп Швейцарияда жашырса, алар жасаган кылмыштын курмандыктары акчаны көрбөйт дегенди билдирет. Ал эми каражат швейцариялык банк эсебине түшкөндөн кийин аны каалаган жакка которсо болот.

Швейцариянын банктык сыр боюнча катаал мыйзамдарынан улам буга чейин башка өлкөнүн өкмөттөрү жана журналисттери банк тармагын жоопкерчиликке тарта албай келишкен. Эми баары өзгөрдү.

Анонимдүү маалымат булагы Швейцариянын Credit Suisse ири банкынын эсептик маалыматтарын Германиянын Süddeutsche Zeitung гезитине берген. Гезиттин редакциясы ал маалыматты OCCRP жана дүйнө жүзүндөгү башка 46 өнөктөш ЖМК менен бөлүшкөн. Долбоордо жалпы 163 журналист иштеди.

ДОЛБООРДОГУ ОКУЯЛАР

Маалыматтар дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчундагы ондогон шектүү кардарлар акчасын аталган банкта сактаганын көрсөтүп турат. Алардын көпчүлүгү бедел-баркын Google аркылуу эле аныктап койсо боло турган адамдар болчу.

Маалыматтар дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчундагы ондогон шектүү кардарлар акчасын аталган банкта сактаганын көрсөтүп турат. Алардын көпчүлүгү бедел-баркын Google аркылуу эле аныктап койсо боло турган адамдар болчу.

Алдыңкы делген банк ушунча көп көйгөйлүү кардарларды тейлегенин себеби эмнеде?

OCCRP Credit Suisse банкынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери менен жашыруун сүйлөштү, алар банктын көптөгөн көйгөйлүү кардарларды тейлегенинин негизги себептеринин бири — банктын өзүнүн ууланган корпоративдик маданияты деп түшүндүрүштү.

Кызматкерлер алардын бонустары жабылган эсептерге салыштырмалуу банкка канча кошумча акча алып келгенине жараша болорун айтышты.

«Эгерде силер күмөндүү эсепти жапсаңар, өзгөчө ири, 20 миллион доллардан ашык каражаты бар эсеп болсо, анда банкир терең аңга түштү дей бергиле. Ушунчалык терең, чыгууга мүмкүн эмес», — деди бир маалымат булагы.

Ошондой эле, алардын айтымында, ири капиталы бар эсептер чакан, мисалы миллион доллардын айлансында каражаты бар эсептерден айырмаланып, банктын стандарттык нормативдерине текшерилген эмес. Чыныгы ири деп саналган эсептер ушунчалык жогору сырдуулукта сакталат, анын кимге таандык экени жогорку жетекчиликтеги бир нече гана адамга белгилүү.

Бул банктын кардары кылмыштуу кирешелерин — мисалы, өз өлкөсүнүн бюждетинен уурдап алган акчаларды — адалдоону пландаса түздөн-түз улук менеджерлерге кайрылып, ​кадимки банк системасы аркылуу операция жүргүзбөйт.

OCCRP’нин журналисттери аны текшерип көрүү үчүн, Credit Suisse’ке кайрылып, африка өлкөсүнүн бай инвесторуна банктык эсеп ачууга болобу деген суроо менен кайрылган. Банктын өкүлдөрү бул боюнча электрондук почта аркылуу эмес, телефон аркылуу сүйлөшүүнү өтүнгөн. Ошондой эле, алар көпчүлүк кардарлар сунуштама аркылуу келерин айтып, бирок сүйлөшүүгө макул болушту.

Потенциалдуу кардар үчүн коопсуздуктун кепилдиги катары Credit Suisse презентациясына ылайык, банк кызматкерлери холдингдик компаниялардын, трасттардын жана банктык эсептердин номиналдык акционерлери жана директорлору катары чыгууну сунушташкан. Бул негизги ээлерин жашырууга жардам берген менчиктин мыйзамдуу «катмарларын» түзүүгө өбөлгө болмок.