Нефтетрейдерлер: Жакын арада бензин дагы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстандын нефтетрейдерлери жакын арада күйүүчү май кымбатташы мүмкүндүгүн билдирди. Алар муну доллардын курсу көтөрүлүп, ошондой эле Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда баанын кымбаттаганы менен байланыштырышууда.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатовдун айтымында, доллардын баасы бир сомго көтөрүлгөндө, күйүүчү майдын баасы 60 тыйынга жогорулайт.

Эшатовдун божомолунда, жакын арада бензиндин бир литри эгер доллардын курсу 95 сом ченинде кармалып турса 8 сомго кымбатташы мүмкүн.

«Компаниялардын келишимдеринин баары доллар менен түзүлгөн, америкалык валютанын кымбатташы сөзсүз бааларга таасирин тийгизет», — деди ал Economist.kg басылмасына курган маегинде.

Нефтетрейдерлер союзунун директору Заур Кипкеев келечектеги чекене жана дүң баа өсөбү же жокпу алдын ала айтууга эртелик кылат деп эсептейт.

Анын айтымында, доллардын кымбаттаганына карабастан нефтетрейдерлер калктын күйүүчү майды аз сатып алуусунан көз каранды, мындан улам бааны кармап турууга аракет кылышууда.

Ал мунайдын баасы кеминде 10 долларга кымбаттагандыктан март айында Орусия заводдорундагы саатуу баалары жогорулашы мүмкүн дейт.

Кыргызстан нефтепродуктылардын басымдуу бөлүгүн Орусиядан алып келет.

Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө жана Орусияга каршы эл аралык санкциялардын киргизилгенине байланыштуу рублдун курсу, анын арты менен сомдун да куну түшүп кеткен. Valuta.kg порталынын 28-февралдын саат 15:07ге карата маалыматка ылайык, бир долларды сатып алуунун орто баасы 94 сомду түзүүдө (айрым акча алмаштыруучу жайларда 96 сомго чейин жетет), сатуу баасы — 94,5 сом.

2021-жылы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кескин жогорулаган.

«Sputnik Кыргызстан» агеттигинин маалыматында, өткөн жылдын башында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 35,9 сом болчу, ал эми декабрда — 59 сомго жеткен. Ал эми ошол эле аралыкта АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 27 сомго, ал эми дизель отуну 22 сомго кымбаттаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасынын кымбатташына Орусиянын нефтти кайра иштетүүчү заводдорундагы сатуу бааларынын өскөнү себеп.