Жалал-Абад: Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык оорукананын жетекчиси кызматтан алынды

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы республикалык психиатриялык оорукананын жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратурадан оорукананын директору адам өлтүрүүгө шектелген акыл-эси жайында адамды психиатриялык экспертизадан өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунуш берүүгө айыпталып жатканын белгилешти.

Текшерүүдөн соң Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине оорукананын Г. М. аттуу башкы дарыгерине катуу чара көрүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында башкы дарыгер ээлеген кызматынан бошотулду.

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы республикалык психиатриялык оорукана 1961-жылы негизделген. Ал сегиз бөлүмдөн турат — №8 бөлүмүндө оор кылмышка шектелгендердин психикалык абалы текшерилет жана кароодон өткөрүү, дарылоо үчүн жаткырылат. Оорукана ИИМдин атайын кызматы тарабынан кайтарууга алынган.

Жасалма маалымкат саткан медиктер

Өткөн жылдын декабрь айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун бир катар жетекчилерин жана медайымдарды иштен алган. Алар коронавируска каршы вакцина алганы тууралуу жасалма сертификат сатууга айыпталган.

Андан мурда «МедиаХаб» жана иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаева «Өлүм менен өлүмдөн акча жасагандар» аталышындагы иликтөө жарыялаган. Анда журналисттер борбор калаанын Жал жана Кызыл-Аскер кичи районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, «эмделди» деген маалымкатты 1000 сомго сатып алышкан.

Кызыгы, «МедиаХабдын» чыгармачыл тобуна вакцина алды деген жасалма сертификатты жасатуу өтө деле кыйынчылык жараткан эмес жана алардын аты-жөнү эмделген жарандардын жалпы базасына киргизилген.

Иликтөө жаряланган соң Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрүп, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлүп, күнөөлүү кызматкерлерге дисциплинардык, ээлеген кызматынан бошотууга чейинки жаза колдонуу сунушталган.

Тема боюнча:

«МедиХабдын» вакцина тууралуу иликтөөсүнөн кийин сегиз медик кызматынан алынды