Ош — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң чоң шаар жана калктын саны боюнча борбор калаа Бишкектен кийинки эле орунда турат. Шаар менен тургундардын саны күн алыс өсүп жатат, ага удаа эле абанын сапатын булгаган факторлор да көбөйүүдө. Анткен менен жергиликтүү бийлик ыш менен күрөшүү маселесин дээрлик көтөрбөй келет.
Абадагы PM 2,5 катуу жана суюк бөлүкчөлөрдү өлчөө үчүн 2021-жылдын башында Move Green экологиялык кыймылы Ош шаарында үч датчик орноткон. Өткөн жылдын күз айларынан тартып 2022-жылдын февралына чейин абанын кирдеши төмөнкү графикте көрсөтүлгөн.
PM 2,5 бөлүкчөлөрү минералдык туз, ыш, дөңгөлөк калдыктарын, кум, асфальт, оор металл, чаң жана суюктуктардын тамчыларын (аэрозолдук кирдеткичтерди) камтый алат.
Мындай бөлүкчөлөр негизинен төмөнкү себептерден улам пайда болот: автотранспорттордон уулуу газдын чыгышынан, көмүр, пластик жана унаа дөңгөлөктөрүн жагуудан. Абада РМ 2,5нин концентрациясынын ашыкча өлчөмдө болушу адамдын дем алуу органдарын жабыркатышы мүмкүн.
Биз датчиктердеги маалыматтарды анализдеп чыгып, ушул кышта аба Бишкекке салыштырмалуу Ошто кир болгонун аныктадык. Ошол эле маалда быйыл кыш жылуурак болгон, ал эми шаар түштүк аймакта жайгашкан.
Температуранын төмөн болушу ири шаарлардагы ыштын концентрациясына таасир этери белгилүү. Анткени Кыргызстанда жашоочулар көмүр жагып, үйлөрүн жылуулашат.
Кыргызгидрометтин стандарты боюнча РМ 2,5дын абадагы орточо бир күндүк концентрациясы 35 мкг/м³дан ашпашы керек. Бирок анализ көрсөткөндөй Ош шаарында абадагы РМ 2,5дын концентрациясы бир нече жолу жогорулаган.
Абанын булганышына кандай факторлор таасир этет?
Ыштын пайда болушуна негизинен эки фактор таасир этет. Биринчиден, октябрдан башталып, мартка чейин созулуучу жылытуу мезгилинде бөлүнүп чыккан түтүн. Экинчиден, автомобилдерден чыккан уулуу газдар. Бул тууралуу «Клоопко» Move Green экологиялык жаштар кыймылынын жетекчиси Мария Колесникова айтып берди.
«Биз деле бул кышта Ошто Бишкекке караганда аба кир экенин байкадык. Абаны булгаган булактар да ал жакта бир аз башкачарак: жер тамдар, тандырлар, чакан өндүрүштөр. Булардын баары көмүр жагышат. Автотранспорт да абаны дайыма кирдетүүчү булак болуп саналат: сапатсыз отун, эски унаалар, катализаторлордун жокутугу», — деп түшүндүрдү Колесникова.
Эксперттин айтымында, ыштын пайда болушуна шаардык таштанды талаа да таасир этет. Анткени полигон дайыма өрттөнүп турат, андан чыкан түтүн шаарды көздөй каптайт.
Эколог, Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдыжапар Аккулов «Клооптун» журналисттерине ыш мурда эле болгонун, акыркы убакта аны пайда кылуучу факторлор көбөйгөнүн айтып берди.
«Мисалы, шаардын айланасында жеке турак жайлардын саны көбөйдү. Алар көмүрдү тонналап пайдаланышат. Андан сырткары банялардын саны да өстү. Алар да көмүр, кээде текстилдин калдыктарын, резина жана дөңгөлөк жагышат. Көмүрдүн сапаты да абанын булганышына таасирин тийгизип жатат, анткени сапаттуу көмүр сатып алууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок», — дейт Аккулов.
Ошондой эле эколог ушул кышта ыш шамалдын аз болгондугунан да шаарды каптаганын айтат.
Маселени кантип чечүү керек?
Колесникованын пикиринде аба таза болушу үчүн улуттук маалыматтык кампания өткөрүү керек — ар бир жашоочуга турак жайды жылуулоо жана күн энергиясын пайдалануу жөнүндө маалымат жеткирүү кажет. Эгерде адамдар үйүн жылуулап алса, кыш мезгилинде көмүрдү азырак жагышат.
«Ыш маселесин чечүүгө болот — буга мисалдар бар. Улан-Батордо бийлик ыш менен күрөшүү үчүн төмөнкү чараларды киргизген: чийки көмүрдөн брикет көмүргө өтүү, чийки көмүрдү колдогондорго айып салуу, жылытуу мезгилинде электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү, имараттарды жылуулоо, буржуйка-мештерин алууга акчалай жардам көрсөтүү. Мындан кийин абадагы РМ 2,5дын абадагы концентрациясы азайган», — дейт Move Green кыймылынын башчысы.
Депутат Абдыжапар Аккулов энергиянын альтернативдик булактарына өтүп, жер тамдарды от казандар менен жылытса болоорун айтат.
«Мисалы, Ак-Тилек кичи районун төрт кварталга бөлүп туруп ар бир кварталына бирден модулдук от казан кылып бүт элди туташтырса, тургундар ар кандай көмүрдү жаккандан кутулат. Ыңгайлуулукту, комфортту, тазалыкты, жылуулукту берет. Түтүн от казандын морунан бир кыйла фильтрленип чыгат», — деп түшүндүрдү Аккулов.
Аккулов Ош мэриясынын ышка каршы күрөшүү боюнча реалдуу программасы жок деп божомолдоду. Ал шаар бийлиги акыркы жылдары абаны анчейин тазалабаган бак-дарактарды тигүү менен гана алек дейт.
«Тилекке каршы шаарда майда-чүйдө эле арчаны эге бербестен бийик өскөн, абаны тазалай турган, ар кайсы функцияларды аткара турган, ызы-чууну басаңдата турган, көрк, эң негизгиси көлөкө берип турган дарактардын эккиле деп жатабыз. Смогдун курамында көмүр кычкыл газы бар, ал атмосферанын төмөнкү жагында калкып калат. Дарактардын негизги максаты — фотосинтез процесси. Өсүмдүктөр кислород пайда кылышат. Ошондой эле алар абадагы зыяндуу заттарды жок кылышат», — деди депутат.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эмне дейт?
Ош мэриясы ыш көйгөйүн буга чейин көтөргөн эмес. Абанын булганышы боюнча алгачкы коомдук талкууну өткөн жылдын аягында Move Green кыймылы уюштурган. Уюмдун мүчөлөрү Ошко орнотулган датчикетерден алынган маалыматтар менен тааныштырышкан.
Шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусов «Клоопко» курган маегинде бийлик ыш маселесинен жана анын пайда болушуна кандай факторлор таасир этип жатканынан кабардар экенин айтты.
Анын айтымында, көйгөйдү чечүү үчүн мэрия 2021-2026 иш планын иштеп чыккан. Анда ыш менен күрөшүүгө жана шаарды жашылдандырууга 15 пункт камтылган дейт.
«Биринчилерден болуп шамалды тоскон көп кабаттуу курулуштар курула бербесин деп шаардын башкы планын иштеп чыкканбыз. Ал бекитиле элек, бирок аяктап калды. Анан мындан ары бензин менен жүрө турган автобустарды сатып алуудан баш тартабыз. Анткени бензинден чыккан түтүндөн смог пайда болот. Ошондуктан же электробус же жок дегенде газ менен жүрө тургандарын алып келүү маселесин көтөрөлү деп жатабыз. Бизде абаны таштанды полигону да булгайт. Буюрса быйыл жабык полигон куруу маселесин карап жатабыз. Буюрса муну апрель айларынан баштайбыз», — деди Жунусов.
Калаа бийлигинин маалыматы боюнча, Ошто 84 жылуулук менен камсыздоочу от казаны бар. Мэрия 2022-жылы фильтр менен насосторду жаңылоону пландап жатат.
Андан тышкары, шаар бийлиги абаны тазалоо үчүн дарактарды эгүүнү көбөйтөбүз деп убада кылууда. «Жашылдандыруу» ишканасынан шаар тургунуна 5 метр квадрат жашыл аймак туура келерин билдиришкен. Бул көрсөткүч Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасынан 10 эсе аз.
Мэрия жаңы таштанды полигонун курам дегенине 10 жыл болду. Полигон курууга каражатты грант жана кредит түрүндө Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген. Башында бийлик ылайыктуу жер таба албай курулуш иши созулуп кеткен. Жыйынтыгында жаңы полигон эскисинин жанына курула турган болгон. Азыр болсо мэрия менен банк тендер маселесинде бир пикирге келе албай жатышат.
Авторлору: Айбике Адилет кызы, Элвира Султанмурат кызы
Дата-редактору: Андрей Дорожный
Редактору: Анна Капушенко
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган. Түзгөндөр: «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары.
Программанын ментору — Андрей Дорожный.
Материалдагы ой-пикир жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.