Каракол шаарында оор жүк ташуучу унаа басып калган 32 жаштагы киши көз жумду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 32 жаштагы кишини оор жүк ташуучу унаа басып калып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя шаардын Кирпич завод кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында болгон. Маркум оор жүк ташуучу унааны оңдоп жатканда оодарылып кеткен.

«Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган жаранды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок ал ооруканага жетпей каза болду», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Өткөн жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жаштагы окуучу кызды таш жүктөлгөн «КамАЗ» басып калып, ал жеринде каза болгон.

Анда «КамАЗ-5511» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, транспорт жолдун оң тарабына оодарылып кеткен.