«Токтогулдагы» суунун көлөмү соңку жылдары эң эле төмөнкү көрсөткүчкө жетти

7-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөнкү деңгээлге жетти — 8 млрд 33 млн метр куб — бул акыркы жылдар үчүн эң эле төмөнкү көрсөткүч.

«Электр станциялары» ААКнын маалыматына ылайык, өткөн жылы март айында суу сактагычтагы суунун көлөмү 9,3 млрд метр кубду түзсө, 2020-жылы — 12,3 млрд метр кубду түзгөн.

Мурдараак Энергетика министрлиги 2022-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд метр кубга чейин азаярын болжогон. Суу сактагычка жалпы 19,5 млрд метр куб суу батат, ал эми эң аз дегенде 5 млрд метр куб болушу керек. Мындай минималдуу көлөм «өлүк деңгээл» болуп эсептелет.

Кыргызстандын энергетикалык тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атады. Мындан улам «Токтогул» суу сактагычында суу тартыш болууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып гана чыгарын билдирген.

Тема боюнча: Жазында «Токтогулдагы» суунун көлөмү 7 млрд метр кубга төмөндөй турганы айтылды