Садыр Жапаров: Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергокризистен чыгабыз

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып чыгарын билдирди. Жапаровдун түшүндүрмөсү анын фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Сөзүнүн башында ал өлкө Түркмөнстандан жана Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштаганын белгилеп, жарык акыркы 10 жылдан бери импорттолуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдан тарта Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн бир киловатты (кВт) беш сомдон сатып алып, керектөөчүлөргө 77 тыйындан сатып келген. Ортодогу айырма болсо казынанын эсебинен төлөнгөн.

«Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз», — деп жазды өлкө башчы.

*2014-жылы Кыргызстан Казакстандан бир кВт/саат электр энергиясын 5,6 сомго эки жылдык мөөнөткө сатып алган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын апрель айында ошол эле Казакстан электр энергиянын баасын 2,4 цент деп койгон — бул болжол менен 2,1 сом. Ошол эле учурда 2017-2018-жылдары кыргыз бийлиги коңшу Өзбекстанга 1 квт/саат электр энергиясын 2 центтен (1,4 сомдон) саткан.

«Биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек»

Өлкө башчынын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы сууну Кыргызстан электр энергиясын өндүрүү алуу үчүн гана иштеткен. Ал эми коңшу Казакстан жана Өзбекстан аны сугатка жумшаган. Президент эгерде Кыргызстан жеке кызыкчылыгына карап, сууну электр энергиясын өндүрүш үчүн гана иштетсе анда «Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет» деп баса белгиледи.

«Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат», — деди Жапаров.

«Кайдыгер мамиле» жана арзан тариф

Жапаров электр энергиясынын баасы арзан болгондуктан кыргызстандыктар аны «сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жатат» деген пикирде.

«Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар. [Энергетика] министрлиги рейд жасаган учурда көрдүк го: унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат. Бул эмнени билдирет?

Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет», — деп жазды Жапаров.

*Буга чейин Улуттук энергохолдинг турмуш-тиричилик эмес абоненттерге көчөнү жана көрнөктөрдү жарыктандырууга тыюу салган. Мындай чара кафе, ресторан, мончо, сауна, дүкөн, парктар жана башка турмуш-тиричилик эмес колдонуучуларга тиешелүү.

Президент акыркы 10 жылда Кыргызстан бир дагы ГЭС салбаганын, ошол эле учурда калктын саны өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өлкө боюнча электр энергияга болгон суроо-талап «мурдагыдан үч эсеге өстү».

Ошондой эле, Жапаров «Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз» деп кошумчалады.

Энергокризис жана электр энергияны сатып алуу

2020-жылы Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон. Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2020-жылдын декабрынын аягында «Түндүкэлектр» 2021-жылдын 1-апрелине чейин чарба муктаждыктары үчүн керектөөчүлөргө үч фазалуу системасына кошулууга уруксат берилбесин билдирген.

Ал кезде аталган чара «кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн, анын ичинде калкка электр энергиясын үзгултүксүз берүү үчүн» кабыл алынганын белгилешкен.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Август айында Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август-декабрь айларынын аралыгында Түркмөнстан Кыргызстанга 500 млн кв/сааттан ашык электр энергиясын берет.

Ал эми 1-октябрда баштап Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып алып баштаган. Ошондой эле, учурда Казакстан аркылуу электр энергиясын импорттоо боюнча Орусия менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүп жатат. Орусиядан 2-3 миллиард кВт/саат электр энергиясын алуу пландалууда.