Кара-Сууда 6 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облустук соту 6 жашар кызды «өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формада» зордуктаган «А.Н. уулуну» өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу 10-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач Кара-Суу райондук соту айыпталуучуну «Зордуктоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок райондук прокуратура анын жазасы «жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн» аппеляциялык даттануу келтирген. Облустук сот айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратты.

2020-жылдын август айында ЖМКлар Ош ОИИБге таянып, жаш кызды зордуктоого шектелген 30 жаштагы тургун кармалганын жазып чыгышкан. Анда шектүү 6 жашар кызды үйүндөгү короосунда ойноп жаткан жеринен унаасына салып кетип, кийин сексуалдык зомбулук жасаганы кабарланган.

Кыз ошол күндүн кечинде гана табылган. Ал апасына киши эмне кылганын айтып берген. Эне милицияга арыз жазгандан кийин экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында жаш кыз зордукталганы аныкталган.

Мындан сырткары, жабырлануучулар шектүү буга чейин үч жашар наристени да уурдап кетүүгө аракеттенгенин билдиришкен. Бирок кыздын апасы көрүп калып аны сактап калган.

Буга чейин Чүй облусунун Кемин райондук соту 16 жаштагы өспүрүм кызды муунтуп өлтүргөн кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Маалыматка ылайык, соттолуучу кызды өлтүргөндүн алдында ага сексуалдык ыдык көрсөткөн.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы жашы жете электерге карата 326 зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 1,5%га көп.