Кеминде окуучу кызды муунтуп өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Сүрөт: Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы

Чүй облусунун Кемин райондук соту 24-февралда 16 жаштагы Ольга Хабарованы өлтүргөн «Б.Кны» өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Соттолуучу кызга ыдык көрсөткөн

9-класстын окуучусу Ольга Хабарованын сөөгү 2021-жылдын 21-июнунда токойдо табылган. Анын денесиндеги тактар «күч колдонулуп өлтүрүлгөнүн» айгинелеп турган. Эртеси күнү Кемир райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 42 жаштагы кишини кармаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Б.К.» буга чейин «алдамчылык» жана «бейбаштык» үчүн эки жолу соттолгону аныкталган.

Маркумдун апасы Лилия Хабарованын айтымында, окуя болгон күнү эрте менен кызы мектепке күбөлүгүн алуу үчүн кеткен. Ал эми саат 11:00 чамасында кошунасынын телефонунан чалып, «талааны сугарып коюп үйгө келерин» айткан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өспүрүм кыз апасына соттолуучуунун телефонунан чалган. Көп өтпөй ал Ольга Хабаровага сексуалдык ыдык көрсөтө баштаганда кыз кыйкырып жиберген. Чочуп кеткен айыпталуучу «кызды муунтуп өлтүргөн».

Кылмыш жасагандан кийин «Б.К.» кошунасынын автоунаасын сурап, кыздын сөөгүн токойго алып барып таштаган.

Соттун жүрүшүндө Лилия Хабарова айыпталуучуга «Киши өлтүрүү» беренеси менен айып тагылып, бирок тергөө анын «зордуктоого аракет жасаганын» эске албаганын билдирген. Ошондой эле ал айыпталуучу буга чейин күнөөнү «милициянын басымынан улам» мойнуна алганын айтып, буга чейинки көрсөтмөлөрүнөн баш тартканын кошумчалаган.

«Бизде адамдар түрмөгө кантип отурарын билесиздер да. Көп жылга кесилет, бирок жарымын да отуруп чыкпайт. Мен жаш балдар үчүн коркуп жатамын — менин Оляма окшогон өспүрүм кыздар үчүн. Аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранам», — деген маркумдун апасы.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы жаш балдарга карата 326 зордук-зомбулук фактысы катталган.