Кыргызстандын Улуттук банкы 10-марттан тартып эсептик ченди 14%га чейин жогорулатты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук банктан эсептик чен «өлкөдөгү инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс зыянын азайтуу» максатында жогорулатылганын түшүндүрүштү. Мурдараак Улуттук банк инфляцияны 12%дын чегинде кармап туруу аракети да көрүлөрүн айткан.
Улуттук банктан Кыргызстандын валюта рыногундагы басым сакталып жатканын белгилешти. Башкы банктан бул Орусияга карата киргизилген санкцияларга байланыштуу «фундаменталдык факторлор» менен шартталганын түшүндүрүштү.
«Орус рублун алмашуу курсу бир АКШ долларга карата 116-120 рублга өскөн. Кыргызстандын соода жүргүзүү жана акча которуулар жаатында соода боюнча өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз экономикалык байланышын, ошондой эле тышкы чөйрөдө улам күч алган белгисиздикти эске алганда, биздин өлкөнүн валюта рыногундагы басым сакталат», — деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
Улуттук банктан тышкы чөйрөдө жана ички валюта рыногунда болуп жаткан жагдайга «кылдат» көз салып жатышканын, зарыл болгондо валюта интервенциясы сыяктуу чаралар көрүлөрүн белгилешти. Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногу ресурстардын жетиштүү көлөмүнө ээ экенин, алтын-валюта камдарынын көлөмү 2,7 млрд АКШ долларынан жогорку сумманы түзөрүн маалымдады.
Улуттук банк акыркы жолу 4-мартта интервенция жасаган. Анда мекеме алмашуу курсунун кескин өйдө-төмөн болушун кармап туруу максатындын 55,35 млн доллар саткан. Февралдын аягында, Орусиянын Украинага кол салуусунун, ошондой эле батыш өлкөрүнүн Орусияга карата ири санкцияларынын шартында сомдун куну түшө баштаган. Эгер буга чейин бир доллар 82-82 сомдун тегерегинде болсо, февралдын соңунан тартып 10-мартка чейин АКШ доллары 103 сомго чейин көтөрүлгөн.
«Макроэкомикалык абал турукташканда гана эсептик ченди түшүрүү тууралуу ойлонушубуз мүмкүн», — деди парламенттин 10-марттагы жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш.
2022-жылдын башынан бери Улуттук банк эсептик ченди үч жолу жогорулатты — бул аралыкта 8%дан 16%га чейин көтөрүлдү. 2021-жылдын январында эсептик чен 5%ды түзгөн.
Эсептик чендердин жардамы менен Улуттук банк босогону аныктайт, ал боюнча коммерциялык банктар калк үчүн берилүүчү насыянын баасын белгилешет. Эсептик чен канчалык төмөн болсо, акыркы керектөөчү үчүн насыя ошончолук арзан болот, тескерисинче болгондо — кымбат.
Чендин жогорулашы кредиттин кымбатташына жана депозиттердин көбөйүшүнө алып келет. Натыйжада, «Азаттык» белгилегендей, товар жана кызматтарга суроо-талап төмөндөйт, баалардын өсүшү токтойт жана инфляциянын өсүшү жайлайт. Эсептик чен төмөн учурда банктардын калкка берген насыясы арзан болот, мында суроо-талап жогорулайт жана ал баалардын кымбатташына, анын ичинде инфляциянын өсүшүнө алып келет.