Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Бийлик коррупцияга каршы күрөштүн механизмдеринин бирин жок кылууну пландап жатат — жогорку даражалуу чиновниктердин декларацияларынан үзүндүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу. Учурда бул журналисттерге чиновниктердин коомчулуктан жашырылган хан сарайлары менен бизнестерин табууга жардам берип жатат.

Кыргызстан — жогорку кызматтагы чиновниктердин декларацияларынан үзүндүлөрдү ачык-айкын кылып турган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Ал эми мамлекет буга чейин эле ачык турган маалыматтардын көлөмүн жана сапатын жыл санап төмөндөтүп келсе да, журналисттер баары бир деле аларды колдонууга жаратып келишет.

Президенттин администрациясы жагдайды оңдоп, коррупцияга каршы күрөштүн ушул механизмин биротоло жок кылууну чечти, тагыраагы, аталган документтерге жетүү мүмкүнчүлүгүн таптакыр жабуу.

«Ушул өзгөртүүнүн артында жогорку жана орто тепкичтеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери тууралуу маалыматты коомчулуктан жашыруу каалоосу байкалып турат. Иш жүзүндө бул коррупцияны мыйзамдаштыруу», — деп эсептейт мыйзам долбоорунун анализин даярдаган «Адилет» укуктук клиникасы.

Бирок бийлик муну менен эле токтоп калгысы келбейт. Президенттик администрация дагы бир мыйзам долбоору менен мурда тапшырылган декларациянын баарын өчүрүнү каалайт.

«Мамлекет физикалык жактар тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырган декларациялардын баарын (кагаз түрүндөгү жана электрондук версиядагы) расмий жок кылууну кепилдейт», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Адилеттин» пикиринде, бул мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгы тууралуу Конституциянын талаптарына каршы келет.

Учурда бул мыйзамдардын долбоорун ачык колдонуу булактарынан табууга мүмкүн эмес. Ошондой эле президенттик аппарат документтерди качан жана кандай түрдө тааныштырары дагы түшүнүксүз. Бирок, эгер мыйзам долбоору ушул бойдон калып, кабыл алынса, анда өлкөдө коррупцияга каршы күрөш оорлойт.

Эгерде түзөтүүлөр ушул жылдын аягына чейин кабыл алынса, эч ким 2021-жылга карата декларациялардан үзүндүлөрдү көрө албай калат, тактап айтканда — жогорку кызматтагы жаңы чиновниктердин кирешелери жана мүлктөрү тууралуу расмий маалымат коомчулукка ачык болбойт.

Аталган мыйзам долбоорлору «Клооптун» колуна тийди. Алар менен бул жердеги жана бул жердеги шилтемелерден таанышсаңыз болот.