Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Президенттик аппараттын жаңы мыйзам долбоору жарандарга бардык мыйзамсыз активдерин ыктыярдуу түрдө декларацияга киргизүүгө жол ачат. Мыйзам долбоорунда анонимдүүлүк жана кылмыш куугунтугунан бошотуу кепилденген.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, кыргызстандыктар атайын декларация тапшыра алышат. Документте алардын мурда кандайдыр бир себептерден документке кирбей калган, ал тургай мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен келсе да бардык кирешелери жана мүлктөрү көрсөтүлөт.

Ошол эле кезде активдеринин келген булагын ачыктоого эч ким милдеттүү болбойт. Атайын даярдалган жаңы декларация алардын мыйзамдуу экенине тастыктоо болуп берет.

Мыйзам долбооруна ылайык, бул чаралардын максаты — ички, тышкы инвестияларды көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу. Мындан тышкары, мыйзам активдердин бүтүндүгүн жана алардын ээлерин мүлктөрү ыктыярдуу түрдө декларацияга киргенге чейин келип чыгышы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар үчүн жазык куугунтугунан коргоо кепилдиги камсыздалышы керек.

Мыйзам долбооруна анализ жасаган «Адилет» укуктук клиникасы медалдын экинчи бетин байкаган.

«Иш жүзүндө киргизилип жаткан сунуштар менен инсандыкка каршы бардык кылмыштардан, бардык кызматтык кылмыштардан, бандитизмден, адам сатуудан жана эмгекти мыйзамсыз эксплуатациялоодон пайда көрүү кубатталат», — деп эсептешет юристтер.

Учурда мыйзам долбоору ачык колдонууда жок, бирок «Клооптун» колуна документтин көчүрмөсү тийди, аны материалдын аягындагы шилтемелерден көрсө болот. Президенттик аппарат аны расмий качан коомчулукка алып чыгары белгисиз. Негизинен документти үстүбүздөгү жылдын аягына чейин кабыл алуу пландалып жаткандай, анткени мыйзам долбоорунда атайын декларацияларды 2022-жылдын 31-декабрына чейин тапшыруу зарылдыгы айтылган.

«Адилет» өз анализинде мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясына, анын ичинде Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык келишимдерге жана документтерге, ошондой эле коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияга каршы келерин белгилейт.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, ал кандай иштейт?

Кыргызстандын жарандары жылдын аягына чейин Салык кызматына атайын декларация тапшырышы керек. Аны ар бир адам толтура алат, толтуруу учурунда өздүктү тастыктаган документ болушу зарыл.

Бул декларацияны активдерди мыйзамсыз сатып алуу, колдонуу жана ээлик кылуу үчүн издөөдө жүргөндөр гана тапшыра албайт. Бирок, эгер адам башка кылмыштар боюнча, мисалы, кыйноо, адам өлтүрүү, зордуктоо жана башка кылмыштар үчүн издөөдө болсо, анда ал ишеним кат жазып, атайын декларацияны өкүлү аркылуу тапшыра алат.

Декларацияга 2022-жылдын 1-январына чейин алынган ар бир активди киргизсе болот. Ал кандай жол менен келгени мааниге ээ эмес.

Кылмыш куугунтугунан бошотуу жана анонимдүүлүк кантип кепилденет?

Биринчиден, атайын декларациялар бир эле нускада толтурулат (декларант өзүнө көчүрмөсүн сурап алса болот, бирок документтин башка көчүрмөсүн эч ким ала албайт). Андагы маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт, маалыматты соттун талабы менен дагы алууга мүмкүн эмес.

Декларациядагы маалыматтарды декларанттын өз эрки менен гана ачыкка чыгарууга мүмкүн.Экинчиден, мыйзам долбоору аталган маалыматтар кылмыш ишин козгоо үчүн колдонулбашын кепилдейт. Алар ошондой эле атайын декларацияда көрсөтүлүүчү активдерди сатып алуу, пайдалануу же ээлик боюнча жүргүзүлүп жаткан учурдагы иликтөөлөрдө колдонулушу мүмкүн эмес. А бирок бул иштер боюнча иликтөөлөр таптакыр эле токтотулат.

Эгерде активдер мыйзамсыз сатып алынып, бирок ээлери аны декларацияга киргизишсе, анда алар террористтик ишмердүүлүктү каржылоодон башка ар бир жазык жоопкерчилигинен бошотулат, себеби бийлик бул кылмышты кечирүүгө даяр эмес.

Эгерде декларант мурда мүлктү мыйзамсыз алуу же пайдалануу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча соттолгон болсо, ага да кол мунапыс колдонулбайт.

Мыйзамдаштыруунун баасы канча?

Ноль (плюс мамлекеттик пошлина) — эгерде активдердин баасы 100 млн сомдон ашпаса. Эгер ашса, анда республикалык бюджеттин кирешеси үчүн атайын эсепке бир миллион сом төлөө зарыл, болбосо декларация кабыл алынбайт.

Ошол эле учурда, активдердин баасын декларант өзү аныктайт жана ал «чыныгы баасына дал келеби-жокпу текшерилбейт». Салык, бажы жана башка пошлиналарды дагы төлөө кажет болбойт.

Мыйзам долбоорунун өзүн бул жерден окуса болот.

ДАГЫ ОКУҢУЗ: