Кыргызстанда бир жумада коронавирустан 7 адам каза болду

Кыргызстанда 8-марттан 14-мартка чейин коронавирустан 7 адам каза болду. Мындан сырткары, COVID-19 жуктуруунун 101 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 61;
  • Чүй облусунда — 29;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 1.

Ал эми 8-марттан 14-мартка чейин Нарын, Талас, Баткен облустарында жана Ош шаарында COVID-19 илдетин жуктургандар катталган жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 742 адамга жетти. Мындан сырткары, коронавирустан жалпы 2 973 киши каза болду.

Ошондой эле, акыркы жумада илдеттен 188 бейтап айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны өлкө боюнча 195 миң 873 адамга жетти.

Ал эми 14-мартка карата 133 бейтап ооруканада, 184 адам үй шартында дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.