Башкы прокуратура Жыргалбек Сагынбаев менен Элдияр Мукановду кармалганын билдирди

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Жыргалбек Сагынбаев жана ошол эле мекеменин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Элдияр Муканов кармалды.

Башкы прокуратура «Клоопко» берген маалыматка ылайык, алар кызматкерлерге 5 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз түрдө сый акы катары берген.

Шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

12-мартта көзөмөл орган алдамчылыкка шектелип кармалган экс-депутат жана «Альфа Телеком» ЖАКтын («Мегаком») мурдагы директору Акылбек Жамангуловду кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-мартта саясатчыны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экс-депутат Түштүк Кореядан келген инвестордун ири суммадагы акчасын ыйгарып алганууга айыпталууда.

Өткөн жылдын 16-ноябрында президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөгөн. Анда ал коррупционерлер менен бир гана укук коргоо органдары эмес, башка мамлекеттик органдар, керек болсо ар бир кыргызстандык күрөшүшү керек деп билдирген.

Мындан тышкары, Жапаров отурумда коррупция тууралуу маалымат берген адамдарга сый акы берүүнү тез арада киргизүү керектигин белгилеген.

Президенттин бул сөзүнөн кийин 24-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коррупция фактылары тууралуу билдирген жарандарга сый акы төлөөнүн тартибин бекиткен.

Жапаров чыгарган токтомго ылайык, коррупция тууралуу билдирген адам орду толтурулган зыяндын өлчөмүнөн 10% сый акы ала алат. Бирок сый акы 1 млн сомдон ашпайт.