Минкабдын токтому. Коррупция тууралуу билдиргендерге сый акы төлөнөт

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 24-ноябрда минкабдын башчысы Акылбек Жапаров коррупция фактылары тууралуу бирдирген жарандарга сый акы төлөөнүн тартибин бекиткенин кабарлады. Чечим жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бийликтин чечимине ылайык, коррупция тууралуу билдирген адам, орду толтурулган зыяндын өлчөмүнөн 10% сый акы ала алат. Бирок сый акы 1 млн сомдон ашпайт.

Коррупция тууралуу билдиргендер сый акыны төмөнкү учурларда ала алат:

– коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат комиссиянын чечими менен ырасталганда;

– мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;

– коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда.

Андан тышкары, эгерде адам бир нече коррупциялык фактыларды билдирген болсо, анда сый акы эң көп зыян келтирген кылмыш үчүн деп берилет.

«Жоопкерчиликтүү кызматкер тарабынан тийиштүү документтер түзүлүп, тийиштүү укук коргоо, көзөмөлдөө органынын тарабынан түзүлгөн коммисияга жөнөтүлөт», — деп билдириштии минкабдан, аны менен бирге коммисиянын курамы жети адамдан кем болбошу керек.

Андан соң, комиссия коррупциялык фактыны текшерип, 10 жумушчу күндүн ичинде органдын жетекчисине сый акыны төлөө жөнүндө өтүнүч киргизет. Эгер коррупция фактысы ырасталбаса, комиссия сый акы төлөөдөн баш тарта алат.

Эгер коммисия сый акы төлөө жөнүндө чечим чыгарса, анда органдын башчысы 10 жумуш күндүн ичинде сый акы төлөө буйругун чыгарат.