Украинага кол салуу: «Биринчи каналдагы» акция, каза тапкан кош бойлуу аял жана Донецкке урулган сокку

Украинанын Мариуполь шаарында төрөт үйүн жана балдар ооруканасын атууда жабыркаган кош бойлуу аялдардын бири каза тапты. Аял каза тапканын жергиликтүү хирург жана Associated Press’тин журналисти тастыктады.

Маалыматка ылайык, аял менен кошо курсагындагы баласы да каза тапкан.

Балдар ооруканасына жакын жайгашкан Мариуполдун №3 төрөт үйүнө авиасокку 9-мартта урулган. Украин тарап ал күнү үч адам каза таап, дагы 17 адам жабыркаганын билдирген.

Андан кийин эле соцтүйүндөрдө жана Кремлге ыктаган каналдарда төрөт үйүнө сокку «жасалма» экени тууралуу маалыматтар тараган. Ушундай эле маалыматтарды бир нече орус басылмасы да таратып, имарат Украинанын «Азов» атайын отряды үчүн колдонулганын айтышкан.

Meduza орус басылмаларынын аргументтерин текшерип жана талдап, маалыматтар чындыкка дал келбейт деген жыйынтык чыгарган.

Ошол эле маалда аткылоо «жасалма» деген теорияны жактагандар окуя болгон жерден тартылган видеону — атайынбы же атайын эмеспи — этибарга албай коюшкан.

Өздөрүн көзкарандысыз деп тааныган Донецк элдик республикасынын (ДЭР) борборунда, ЖМКлардын маалыматы боюнча, ракета жарылган. Ар башка маалыматтарга ылайык, андан 20га чукул адам каза тапкан.

ТАСС агенттигинин маалыматында, шаарга «Точка У» ракетасынын сыныктары түшкөн. «ДЭРдин» Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, жарылуудан 36 адам жабыркаган.

«ДЭРдин» башчысы Денис Пушилин ракета Донецк облусунун украин аскерлери көзөмөлдөгөн тарабынан атылып, анын «кассеталык бомбасы» болгон деп билдирүүдө. Ал эми Украинанын Коргоо министрлиги Донецкке ракетанын кулашына эч кандай тиешеси жоктугун, ал «Орусиянын же дагы башка ок-дары экени талашсыз» деп билдирди.

Эки өлкөнүн ортосунда созулуп жаткан согуштун шартында орус жарандары жаңжалга каршы чыгууну улантышууда. Бул ирет Орусиянын бийликчил делген «Биринчи каналынын» редактору Марина Овсянникова «Время» телеберүүсүнүн эфирине согушка каршы плакат көтөрүп кирип барды.

Окуядан кийин Овсянникова кармалып, Останкино телеборборунун кезмет бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду.

Президент Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Твиттер барагында 14-мартта орус-украин сүйлөшүүсүндө «техникалык тыным» алынганын, сүйлөшүү 15-мартта уланарын билдирди.

Мындан тышкары, украин президенти Владимир Зеленский орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү «жаман эмес» деп атады.