Түз эфирге согушка каршы плакат көтөрүп чыккан «Биринчи каналдын» редактору кармалды

14-мартта Орусиянын бийликчил делген «Биринчи каналынын» редактору Марина Овсянникова «Время» телеберүүсүнүн эфирине согушка каршы плакат көтөрүп кирип барды. Ал учурда программанын алып баруучусу Екатерина Андреева түз эфирде батыштын санкцияларына каршы туруу тууралуу сюжеттин кириш сөзүн окуп жаткан. 

Овсянникова эфир учурунда студияга кирип барып, «Согушту токтоткула», «Согушка жол жок» деген ураанды айта баштаган. Бир нече секунддан кийин эле эфирге дароо алдын ала даярдалган сюжеттин кадрлары коюлган.

Түз эфирге кирип келүүдөн мурда Овсянникова видеокайрылуу жаздырып, Орусиянын Украинага кол салуусун айтыптап, аны «кылмыш» деп атап, ага «орус президенти Владимир Путинди күнөөлөгөн».

Редактор «Биринчи каналда» «Кремлдин пропагандасын жүргүзүп» иштегени үчүн уялып жатканын да айткан.

«Жалган айттырып, орус элин зомбиге айлантууга жол бергеним үчүн абдан уялып турам», — деди ал.

Окуядан кийин Овсянникова кармалып, Останкино телеборборунун кезмет бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду. Бул тууралуу укук коргоочу жана «Агора» тобунун жетеучиси Павел Чиков адвокат Даниил Берманга таянып айтты. Чиковдун айтымында, телеборборго Москванын Түндүк-чыгыш административдик округундагы ИИБдин полициясы келген.

Дүйнөнүн согушка каршы реакциясы

Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү Любовь Соболь Твиттер барагына Овсянникованын акциясынын телэкрандан кыркып алынган скриншотун чыгарып, The Guardian журналынын макетин жарыялаган. Аны журналдын «эртеңки башкы бети» деп болжогон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да бул окуяга карата оюн айтып, Овсянниковага эрдиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Мен чындыкты жеткирүү аракетин улантып жаткан орусиялыктарга, анын ичинде “Биринчи каналдын” экифирине согушка каршы плакат менен кирип барган кызга ыраазымын», — деди Зеленский.

Ал эми АКШ президенттигине талапкер болгон Демократтар партиясындагы Берни Сандерс Твиттер барагында Овсянникованын акциясын «укмуштуудай эрдик» деп атаган.

24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.