Улуттук банк: Western Union башка өлкөлөргө Орусиядан акча которууну токтотту

Кыргызстандын Улуттук банкы Western Union акча которуу системасы 24-мартта Орусия жана Беларуста ишин токтоторун билдирди. Бул орус аскерлеринин Украинага кол салуусу менен байланыштуу.

Бул аталган өлкөлөрдөн трансчегаралык акча которуу мүмкүн болбой калат дегенди билдирет. Улуттук банктан белгилешкендей, Орусия жана Беларустан которулган акчалар алуучуларга 24-мартка чейин берилет.

Ошол эле кезде Western Union системасы аркылуу Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Орусия менен Белорустан тышкары) акча которуу иштей берет.

Economist басылмасы Western Union’ду Орусиядагы мигранттар активдүү колдонорун айтат. 2021-жылы аталган система аркылуу Кыргызстанга дээрлик 89 млрд сом которулган. Ошол эле учурда которуулардын жалпы суммасы 248 млрд сомду түзгөн.

Орусиядан кантип акча которсо болот?

12-мартта Улуттук Банк Орусиядан Кыргызстанга кантип акча которсо болорун айтып берген. Башкы банк акчаны эсеп ачып да, эсеп ачпастан да которсо болорун билдирген.

Акча которуу системаларынын толук тизмесин бул шилтемеден көрүүгө болот.

Акча которуу үчүн «Юнистрим», «Золотая Корона» жана CONTACT системаларын колдонууга болот.

Бирок Улуттук банк акча которуунун максималдуу суммасы боюнча коюлган учурдагы чектөөлөрдөн тышкары, коммерциялык банктардын өзүндө же акча которуу системаларында өзүнчө чектөөлөр бар болушу мүмкүндүгүн эске алуу керектигин айтат. Башкы банктан акча которуу алдында кеңири маалыматты коммерциялык банктардын кызматкерлеринен тактоону суранышты.

Ошондой эле банктык төлөм карталары бар коммерциялык банктардын кардарлары Р2Р (жеке жактардын ортосунда) ички же башка төлөм системаларында которууларды ишке ашыра алышат.

«Кыргызстандын коммерциялык банктары байланышсыз төлөм технологиясы менен “Элкарт” системасынын карталарын чыгарып жатышат, алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын чегинен сырткары “Мир” төлөм системасынын тармагында жана “Мир” системасынын өнөктөштөрүнүн төлөм системаларында тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ», — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Орусияда миллионго чукул кыргызстандык иштеп жүрөт. Ал эми жалпысынан чет өлкөлөрдө республиканын 1,1 млндон ашуун жараны эмгек миграциясында.

Башкы беттеги сүрөт: Metropolitico.org (CC BY-SA 2.0.)