Эмгек миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны 1 миллион 118 миң кишини түздү

Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны 1 миллион 118 миң кишини түздү. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысына Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенип жатышат — 1 миллиондон ашуун жаран. Экинчи орунда Казакстан — 30 миң, үчүнкү орунда Түркия — 20 миң.

«АКШ менен Араб өлкөлөрүндө 10 миң болсо, Германия, Канада жана Италияда алты миң, Түштүк Кореяда беш миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар», — деди Акматбеков.

Ошондой эле 76 миң кыргыз жараны «кара тизмеге» киргизидип, Орусиянын аймагына кире албай калышканы белгилүү болду.

Дүйнөлүк демографияны эсептеген World Population Review порталында 10-февралга карата Кыргызстандын жалпы калкынын саны 6 млн 728 миң деп көрсөтүлүп, саат сайын бирден жаран өлкөдөн сыртка чыгып кетип жатканы эсептелген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат 2020-жылы 720 миң кыргызстандык Орусияда миграциялык каттоодо турганын билдирген.

Редактору: Дилде Шатанова, Элдияр Бакиров

Тема боюнча:

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт

Мекенде жумуш жок. Пандемияда Борбор Азиялык мигранттардын турмушу кандай өзгөрдү?