Ошто бешинчи кабаттан боюн таштаган эки окуучу кыздын бирөө каза тапты

Окуя болгон жер. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

17-мартта саат 13:30 чамасында эки окуучу кыз Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан боюн таштады. Алардын бири жеринде каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди. Маалыматты Ош ШИИБ тастыктады.

Милициянын маалыматына ылайык, кыздар Карл Маркс атындагы мектептин 7-классынын окуучулары. Учурда Ош облусттар аралык бириктирилген ооруканасына жеткирилген окуучу кыз жандандыруу бөлүмүндө — анын абалы «өтө оор» деп бааланууда. Ал эми каза болгон кыздын сөөгү моргго жөнөтүлдү.

Учурда милиция окуяны териштире баштады.

Шаардык милициядан буга чейин аталган мектепте суициддин алдын алуу боюнча бир нече ирет профилактикалык, түшүндүрүү иш чаралары өткөрүлгөнүн белгилешти. Иш-чарага мугалимдер жана психологдор катышкан.

«Тилекке каршы, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, арадан аз убакыт өтүп, Карл Маркс атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан көп кабаттуу үйдөн боюн таштоо фактысы катталып жатат», — деп билдиришти Ош ШИИБден.

23-февралда Ошто Аскар Шакиров көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдүн там башынан 13 жаштагы өспүрүм боюн таштап, өз жанын кыйган. Ал кулаган кезде жанында өзү теңдүү бир бала болгон

Маркумдун досу милицияга берген көрсөтмөсүндө ал өзүн таштаардын алдында бир кызга чалып, «кош бол, мени кечир» деп айткан. Мындан соң ал «апа, мени кечир» деп, капыстан боюн таштап жиберген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 13 жашар өспүрүм бешинчи кабаттан боюн таштап каза тапты