Ошто 13 жашар өспүрүм бешинчи кабаттан боюн таштап каза тапты

Ош шаары. Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 13 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Ал бешинчи кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 23-февралда кечки саат сегиздер чамасында катталган, ал эми өспүрүм кулаган кезде жанында өзү теңдүү бир бала болгон. Алар Оштогу Шакиров көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдүн там башында отурган.

«Маркумдун досу милицияга берген көрсөтмөсүндө каза болгон өспүрүм анын телефонун сурап, кайсы бир кызга видео аркылуу чалып “кош бол, мени кечир” деп сүйлөшкөнүн айтып берди. Телефонду кайтарып берген соң “апа, мени кечир»” деп айтып капыстан боюн таштап жиберген», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ал эми күбө катары суралган башка өспүрүмдөр бала мурда дагы «мен өлөм, март айында жок болом, мени көрбөйсүңөр» деп айтып келгенин белгилешкен.

Ош ШИИБден бала шаардагы мектептердин биринин 7-классынын окуучусу экенин белгилешти. Аны менен катар, учурда ар тараптуу териштирүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.