Украинадагы согуш: «Путин — аскерий кылмышкер», Мариуполдо театр жарылды

Сүрөт: Украина ИИМинин телеграм-каналы

Украинада үч аптадан бери согуш болуп жатат. Ал 24-февралда Орусиянын кол салуусунан башталган. Орусия кол салуунун расмий максатын Украинаны «демилитаризациялоо жана денацификациялоо» деп белгилеген.

АКШ президенти Жо Байден 16-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус президенти Владимир Путинди биринчи жолу аскерий кылмышкер деп атады.

«Reuters» маалымат агенттиги журналисттер Байденге Путинди аскерий кылмышкер деп атоого даярбы деген суроону узатышканын жазды. АКШ президенти алгач «Жок» деп, кийин суроону кайталоону суранып, «Ооба, мен аны аскерий кылмышкер деп эсептейм» деп айткан.

Ал эми Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган өлкө башчысынын мындай риторикасы кабыл алынгыс жана кечирилгис» деп жооп берди.

Байдендин билдирүүсү АКШнын Сенаты (парламенттин жогорку палатасы) резолюция кабыл алган шартта айтылды. Документ орус өкмөтү жана анын президенти Владимир Путин жасаган делген аскердик кылмыштарды иликтөөнү талап кылат.

Ошондой эле резолюцияда Сенат Путиндин орус армиясы тарабынан Украинада жасалып жатат деп болжонгон «зордук-зомбулук, аскерий жана адамзатка каршы кылмыштар» айыпталат.

БУУнун Гаагадагы эл аралык соту Орусиядан Украинадагы согушту токтотууну талап кылды. 26-февралда Украина Донбасстагы тургундарды геноцид кылууда деген жалган айыптоолору үчүн Орусига каршы арыз менен сотко кайрылган. Дал ушул нерсе Орусиянын Украинага кол салуусуна негиз болгон.

Орусия бардык айыпты да, бул ишти караган соттун компетенциясын да четке кагууда. БУУнун эл аралык сотунун отуруму 7-16-март аралыгында өткөн, бирок ага Орусиянын өкүлдөрү барган эмес.

Ошондой эле сот Орусиянын көзөмөлүндөгү же колдоосундагы бир дагы куралдуу түзүм эч кандай согуштук аракеттерди көрбөшү керектиги, ал эми жаңжалдашып жаткан эки тарап согушту курчутуп курчутуп жиберүүчү кадамдардан карманууга тийиш деген токтом чыгарды.

Мындай чечим үчүн 15 судьянын 13ү добуш берген. Эки — Орусия менен Кытайдын судьялары каршы добуш берген.

Мариуполдо Драматеатр жардырылды. Шаар бийлиги бул үчүн жоопкерчиликти Орусияга жүктөдү.

Марттын башында театрдын имараты элди эвакуациялоого чогултуучу жай болору айтылган.

Мариуполь шаардык кеңеши ал жерде жүздөгөн адам жашынып турганын кабарлаган. Имараттын эки жагындагы асфальтта «балдар» деген чоң жазуу болгон — бул спутник тасмаларында көрүнүп турат.

Орусиянын Коргоо министрлиги жардырууга «“Азов” улутчул батальонунун аскерлерин» күнөөлөп, «театрдын имаратына өздөрү орноткон бомбаны жардырып, кандуу провакация» уюштурушту деп айыптады. Министрликтен «Азовдун» согушкерлери театрда адамдарды туткунда кармап турган деп айтышууда.

10-мартта «Азов» батальону театрда жашынган көптөгөн адамдардын видеосун жарыялаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ Конгрессинде сөз сүйлөп, кайрадан Украинанын асманын жабууну же өлкөгө абадан коргонуу системаларын жана авиация берүүнү өтүндү.

«Орусия Украинанын асманын миңдеген адамдын өлүм булагына айлантты», — деди Зеленский. Ал Украинадагы болуп жаткан окуяларды Жапониянын Перл-Харборду бомбалоосу жана 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракт менен салыштырды.

Зеленский конгрессмендерге өлкөсүндөгү шаарлар кантип аткыланып жатканы тууралуу видеону да көрсөттү.

Зеленскийдин кайрылуусунан кийин көп өтпөй АКШ президенти Жо Байден Украинага миллиард долларга аскердик жардам жөнөтүлөрүн айтты. Анын ичинде 800 абадан сокку уруу системасы жана учкучсуз учактар бар.

«The Financial Times» гезити Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрдө «прогресске жетти» деп жазды, бул билдирүүсүндө басылма сүйлөшүүлөргө тиешеси бар өздүк булагына таянган. Басылма тараптар 15 пункттан турган тынчтык келишиминин үстүндө иштеп жатышканын билдирди.

Келишимде төмөнкүлөр бар: Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартуусу жана аймагында чет өлкөнүн аскер базаларын жайгаштырбоо, Украинанын коопсуздугуна башка өлкөлөрдүн кепилдик берүүсү. Бул балким АКШ, Улуу Британия жана Түркия болушу мүмкүн. Ошондой эле аталган эки булак келишимде Украинада «орус тилин коргоо» пункту да камтылганын айтышкан.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк макала орус тараптын суроо-талабы түшүрүлгөн жөнөкөй кагазга гана таянып жазылганын билдирди. «Бул этап боючна биз тастыктай ала турган бир гана нерсебар — ок атууну токтотуу, орус аскерлеринин чыгарып кетүү жана бир катар өлкөлөрдүн коопсуздук кепилдиги», — деди ал.