Ошто «Биринчи турак жай кооперативинин» ишине нааразы болгон тургундар митингге чыкты

22-мартта «Биринчи турак жай кооперативи» уюмуна нааразы болгон ондон ашык тургун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына митингге чыкты. Чогулгандар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун аймактарынан келгенин айтышты.

Акцияга чыккан Бүрабия Шарабидинованын айтымында, ал 2019- жылы «Биринчи турак жай кооперативине» мүчө болуп, алгач 300 миң сом төккөн. Ал эми 2021-жылдын май айында ага кооперативдин Оштогу башчысы Саида Байгазакова телефон чалып, турак жайга багытталган насыяны бир айда алуу үчүн дээрлик бир млн сом төлөшү керек экенин айткан.

«2021-жылы 21-майда мага Саида [Байгазакова] мага чалып “ушундай мүмкүнчүлүк бар: бир айда үй аласың” деп айтты. Бир айда бардык 923 миңди төлөгөм, бирок бир ай эмес бир жыл болгону калды. Үй эмес “ү” дагы жок, акча дагы жок. [...] 114 адам үй ала элекпиз», — деди Шарабидинова.

Аны менен катар Шарабидинова кооперативдин жетекчилери Бердияр Исматиллаев, Саида Байгазакова жана Жанарбек Сатыкеевден бул маселени чечип берүүнү талап кылды.

*Исматиллаев «Биринчи турак жай кооперативдин» директору, ал эми Сатыкеев уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири. Байгазакова болсо кооперативдин Оштогу жетекчиси.

Дагы бир жабырлануучу Азия Тагаева «Биринчи турак жай кооперативи» мурда төккөн акчасын кайтарып алууну көздөгөн салымчылардан бериле турган насыянын 6%ын «айып төлөм» катары алып жатканына нааразы болду.

«Мисалы биз бир миллион сомго [насыяга] кезекке туруп, 300 миң төксөк ошол бизге бербеген, колубузга тие элек акчанын 6%ын кармап жатышат [...] Булар пандемия маалында бир жылга ишмердүүлүгүн токтотушкан. Ошол форс-мажор учурунда дагы жетекчи Бердияр Исматиллаев ошону көрө билбей, элди токтотуп, “мына ушундай учурга туш болдук” деп элге маалымат берген эмес. Ал кайрадан адамдарды алдамчылык жолу менен кабыл ала берген», — деди ал.

Жабырлануучулардын адвокаты Жылдыз Кадырова салымчылардын кооперативге төлөгөн «кирүү акысы» уюмдун каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнө жумшалганын, ал боюнча отчёт берилбегенин билдирди. Ошондой эле Кадырова кооператив тууралуу маалыматтар «жашыруун» болуп жатканын белгиледи.

Көп өтпөй Ош ШИИБдин имаратынан Саида Байгазакова жактоочусу менен бирге чыгып, бирок журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Андан соң чогулгандар Байгазакова менен чырдаша кетишти.

Милиция эмне дейт?

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Биринчи турак жай кооперативинин» үстүнөн жалпы 28 арыз түшкөнүн билдирди. Сыдыков бул факты «Алдамчылык» беренеси менен катталып, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле Сыдыков тергөө иштеринин алкагында кооперативдин жетекчилиги суракка алынып жатканын кошумчалады.

«Бул турак жай кооперативден жабыркагандар мындан дагы көп болушу мүмкүн. Жабырлануучулар болсо Ош ШИИБдин тергөө кызматына кайрылса болот», — деди ал.

Ош ШИИБи буга чейин да Оштогу турак жай кооперативдердин биринин жетекчисин кармап, ал камакка алынганын эске салды.

Сөз S-LINE кооперативинин директору Бактыбек Аалиев тууралуу болуп жатат — ал 15-мартта «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган.

«Биринчи турак жай кооперативи»

Буга чейин журналист Улукбек Карыбек уулу турак жай кооперативдердин ишмердүүлүгүнөн жабыркаган салымчылар тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ал Ош шаарындагы «Биринчи турак жай кооперативи» уюмуна «алданып калганын» айткан ондогон жабырлануучулардан маек алган.

Анда жабырлануучулар кооперативге төлөмдөрдү төккөнү менен жылдап үйлүү боло албай, ал эми «Биринчи турак жай кооператив» «банкрот» болгонун билдиришкен.

Салымчалардын бири Ош шаарында 60тай, ал эми Кыргызстан боюнча 138 жабырлануучу болгонун белгилеген. Ошондой эле кооператив жабырлануучуларга 9 млн сомдой каражатты кайтаруудан баш тартып жатканы айтылган.

Ал эми «Биринчи турак жай кооперативдин» директору Бердияр Исматиллаев журналисттерге телефон аркылуу маек куруп, «акчасын кайтарып алууну көздөгөн салымчылар арыз жазсын» деп айткан. Ошондой эле ал нааразы тарап «прокуратура же сотко кайрылууга» укуктуу экенин белгилеген.

«Алардын чоо-жайы эмне болуп жатат: келишимдеги [салымчылар төлөгөн төлөмдөрдүн] кайтарымсыз 6%. Келишимге кол коюлган, баары такталган. Ошону “кайтарып бер” деп жатышат. Жок, ал кайтарылбайт», — деген Исматиллаев.

Ошол эле учурда Исматиллаев келишимде «сегиз айда үй алып берүүнү убадалап, бирок жылдап келишимди аткарбай келгени» боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Көп өтпөй «Биринчи турак жай кооперативдин» кеңсесиндеги кызматкерлер милиционерлерди чакырышып, журналисттен камерага тартпоону талап кылган.

Кийинчерээк кеңсеге Исматиллаев өзү да келип, кооператив «мыйзамдуу иштегенин» айтып, салымчыларга турак жайлар «электрондук кезек менен берилерин» билдирген. Ошондой эле ал бардык каражаттар банктык эсепте экенин, калоочулар акчасын кайтарып алууга укуктуу экенин кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаардык соту Бактыбек Аалиевди тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырды