Ош шаардык соту Бактыбек Аалиевди тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырды

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаардык соту S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиевди тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.

Аалиевдин баш коргоо чарасы каралып жатканда соттун имаратынын алдына 10дон ашуун жабырлануучу нааразычылык акциясына чыккан. Алар S-LINE’дын ишмердүүлүгүн токтотууну жана Аалиевди жазалоону талап кылышкан.

Ош ШИИБи Бакытбек Аалиевди 15-мартта «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында кармаган.

Милициянын маалыматына ылайык, Аалиевдин үстүнөн кооперативден үй ала албай жүргөн 24 киши арыз жазган. Жабырлануучулардын айтымында, алар кооперативге мүчө болуш үчүн 218 миӊ сом акча төлөшкөн. Кооперативден аларга «турак жайдын баасынын 25%ын төлөгөндөргө төрт айда, ал эми 50%ын төлөгөндөргө эки айда калган сумманы насыя катары берүүнү» убадалашкан.

Ош ШИИБден аталган кооператив «алдамчылык менен алектенген финансылык пирамида катары» иш жүргүзүүгө шектелип жатканын билдиришти. Ошондой эле зыяндын өлчөмү 40 млн сомдон ашуун экени белгиленди.

S-LINE кооперативи

Буга чейин журналист Улукбек Карыбек уулу Ош шаарындагы турак жай кооперативдери тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда кооперативдерге акча салып, бирок үйгө жетпей калган жүздөгөн тургундар окуяларын айтып беришкен.

Иликтөөдө жабырлануучулардын бири акчасын да кайтара албагандыктан кооперативдин директору Бактыбек Аалиевдин үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазганын билдирген. Аалиевдин үстүнөн жалпы алты арыз түшкөн. Бирок жабырлануучулар милиция ишти жакшы тергебей жатканына нааразы болушкан.

Ал эми Бактыбек Аалиев журналистке курган маегинде, учурда S-Line’дын ишмердүүлүгү убактылуу токтогонун билдирген. Анын айтымында, кооперативге карата 2021-жылдын октябрь айынан тарта тергөө жүрүп, уюмдун негиздөөчүлөрүнүн ортосунда «түшүнбөстүктөр болуп жатат».

«Ар ким өз убактысында, үй ала тургандар үй, акчасын ала тургандар акчасын алат. Эч ким эч жакка качкан жок, эч кимдикин бербей койгон жок, анан “үй алат, унаа алат, чет жака чыгып кетет” дегени…бул менин жеке өзүмдүн акчам, мен аларды элден сурап туруп кылбайм да. Мен ага чейин деле [чет өлкөлөргө] чыгып жүргөн адаммын [...] Биздин кооперативге эми бир жыл болуп жатат*. Келишим боюнча салымчылар бир жылда [турак жайды] алышат, эми убактылары келди», — деген ал.

Юстиция министрлигинин базасына ылайык, S-Line кооперативи 2020-жылдын сентябрь айында каттоодон өткөн. Анын башчысы катары Бактыбек Аалиев көрсөтүлгөн. Ал эми компанияны Аалиевди кошкондо сегиз адам негиздеген.