Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна катышкан жок

Алмазбек Атамбаев унаада отурат. Сүрөт: Замир Жоошевдин Фейсбук барагы. 

Бүгүн, 23-мартта, Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кой-Таш окуясы» боюнча ишти карап жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «ден соолугуна байланыштуу» отурумга катышкан жок.

Анын жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев ооруп жатканына карабай, күч менен сотко жеткирилгенин билдирди.

«Колониянын кызматкерлери Атамбаевди ич кийимчен, үстүндө футболкачан күч колдонуу жолу менен, карда сүйрөлтүп алып чыгышып, конвой кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп жазды адвокат.

Атамбаев райондук соттун имаратына жеткирилген соң унаадан түшүүдөн баш тарткан. Жоошев мурдагы президент ден соолугуна байланыштуу унаадан түшпөй жатканын айткан.

Андан соң соттун имаратына тез жардам чакырылган. Жоошев тез жардам унаасында керектүү дары-дармектер жок болгонун белгиледи. Атамбаевдин дарылары колонияда болгондуктан кайра №47 түзөтүү колониясына жеткирилди.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова «Клоопко» Атамбаевдин сот отрумуна катышпаганын тастыктады. Ал отурум аяктаган соң кененирээк маалымат берүүнү убадалады.

Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкү сот отуруму президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун катышуусу менен өтүп жатат. Судьянын чечими менен сот отурумун сүрөт-видеого тартууга тыюу салынды.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга кесилген. Ал эми 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

«Кой-Таш окуялары» боюнча «Бийликти күч менен басып алуу», «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул иш боюнча 14 адам өтүп жатат, алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева бар.

Алардын ичинен Жээнбеков, Атамбаев жана Ниязовго карата камакка алуу чарасы колдонулган.

Тема боюнча:

Замир Жоошев: «Кой-Таш окуясынын» фигуранттарынын бөгөт чарасы узартылган жок