Минкаб өлкөнү мунай менен камсыздоого 2 млрд сом бөлөт

Министрлер кабинети өлкөнү мунай менен камсыздоого мамлекеттик бюджеттен 2 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу өкмөттүн кризиске каршы чаралар боюнча жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

«Күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча коркунуч бар. Күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо багыты боюнча, нефтетрейдерлерге мунай менен камсыздоо үчүн 2 млрд сом бөлүү буйругу берилет», — деди Бакетаев.

Бакетаев мурдараак бюджеттен үрөн алуу үчүн 1,5 млрд сом бөлүнгөнүн да билдирди.

«Энергетикалык коопсуздук жаатында 2022-жылдын эки айында бюджеттен 3 млрд сом бюджеттик кредит бөлүнгөн. Бюджет тармагында иштегендердин айлыгын көтөрүү үчүн эсептер жүрүүдө», — деп кошумчалады Бакетаев.

Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдөн бензиндин тартыштыгы болбосун билдирген. Ассоциациянын башчысы Канат Эшатовдун айтымында, күйүүчү майдын кору толукталып турат. Ал жазгы талаа иштерин өткөрүүгө да күйүүчү-майлоочу майдын топтому «жетиштүү» экенин кошумчалаган.