Нефтетрейдерлер: Бензиндин запасы эки аптага жетет, бирок таңкыстык болбойт

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынан өлкөдө бензин таңкыстыгы болбойт деп билдиришти. Ассоциациянын башчысы Канат Эшатовдун айтымында, күйүүчү майдын учурдагы кору эки аптага жетет, жана дагы толукталып турат.

Ал вагон-цистерна жетишсиздигинен улам күйүүчү-майлоочу майлар өлкөгө чакан партия менен алып келинип жатканын, ар бир компаниянын резерви ар кандай экенин кошумчалады.

«Айрымдардыкы эки жумага, кээ бир компаниялардыкы 20 күнгө жетет [...] Запастар толукталууда», — деди Эшатов.

Ал жазгы талаа иштерин өткөрүүгө күйүүчү-майлоочу майдын топтому «жетиштүү» экенин кошумчалады. Буга чейин айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл жазгы талаа иштеринин башталышына фермерлер күйүүчү майдын керектүү көлөмүнөн 72%га камсыз болушканын билдирген.

Күйүүчү майга болгон баалардын өсүшү

Ошондой эле, Эшатовдун айтымында, орусиялык нефтти кайра ишетүүчү заводдордогу саатуу баалары жогору бойдон калууда. Буга чейин Кыргызстанда күйүүчү майдын баасынын өсүшүнүн негизги себеби — орусиялык нефть иштетүүчү заводдордогу баанын өсүшү экени айтылган.

«Баалар ылдыйлайбы же жокпу ошол учурда гана айтууга болот», — деп кошумчалады Эшатов.

Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлери жакын арада күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экенин эскерткен. Кыргызстан мунай заттын басымдуу бөлүгүн Орусиядан доллар менен сатып алат.

Эшатов фералдын аягында доллардын баасы бир сомго көтөрүлгөндө, күйүүчү майдын баасы 60 тыйынга жогорулай турганын айткан болчу.

Valuta.kg порталында 14-мартта саат 14:20га карата Бишкекте доллар сатып алуунун орточо баасы 105 сом, ал эми сатуу баасы — 106 сом.

Бирок, 14-мартта Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Орусия товар жана күйүүчү май сатып алуу тууралуу келишимдерди бекитилген курс менен рубль аркылуу жүргүзүүгө өзгөртүүгө даяр экенин билдирди.