Орусиянын Украинага толук масштабда кол салып жатканына экинчи ай кетти.
БУУдан билдиришкендей, согуш башталган бир айда кеминде 1035 жай тургун, анын ичинде 90 бала каза болуп, 1650 киши жарадар болгон. Уюмдан курман болгондордун көбү аткылоо жана авиа соккудан улам каза таап же жарадар болгонун белгилешти. Бирок уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп экенин, себеби аскердик аракеттер жүрүп жаткан жерлердеги маалыматтардын көбү кечигүү менен келип, алар кошумча бышыктоону талап кылып жатканын кошумчалашты.
Андан тышкары, ЮНИСЕФ Украинадагы согуштун биринчи айында 4,3 млн бала орун которгонун — бул өлкөдөгү жалпы балдардын жарымынан көбү экенин билдирди. Алардын ичинен 1,8 млн бала качкын катары коңшу өлкөлөргө чыгып кеткен, ал эми 2,5 млн бала согуш жүрүп жаткан жерлерден өлкө ичиндеги коопсузурак жайларга көчкөн.
Уюм «дүйнө Экинчи дүйнөлүк согуштан бери кыска мөөнөттө балдардын мындай толук масштабдагы орун которуусун көргөн эместигин» белгидеди.
«Бул — келечек муунга узак мөөнөт кесепет тийгизген караңгы мезгил. Балдардын коопсуздугу, бакубаттыгы жана негизги кызматтарга жеткиликтүүлүгү үрөй учурган зомбулуктун айынан коркунучта турат», — деп билдирди ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел.
БУУнун маалыматы боюнча, Орусия Украинага кол салууну баштагандан бери 10 миллиондлон ашык адам, калктын дээрлик төрттөн бир бөлүгү жер которууга мажбур болду.
Украинанын деңиз-согуштук күчтөрү 24-март күнү Бердянск шаарындагы портто Кара деңиз флотунун «Орск» ири десанттык кемеси жок кылынганын кабарлады. Орус тарап азырынча бул боюнча маалымат бере элек.
БУУнун Башкы ассамблеясы 24-мартта дагы бир резолюция кабыл алып, Орусиядан Украинадагы согуш аракеттерин, жай тургундарга жана жарандык инфраструктуранын объектилерине кол салуусун тез арада токтотуусун талап кылды.
Резолюцияны 140 мамлекет жактырды. Беш делегация: Орусия, Беларус, КЭДР, Сирия жана Эритрея — каршы чыгып, 38 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан добуш берүүдөн карманды.
Ушундай эле резолюцияны БУУ март айынын башында дагы кабыл алган. Анда документти 141 мамлекет колдоп, ошол эле беш делегация каршы чыккан.
24-мартта НАТО өлкөлөрүнүн чукул саммити өттү. Ага Украинанын президенти Владимир Зеленский катышты. Ал аяльянстан НАТОнун танктарынын болгону «бир пайызын» сураганын, бирок так жооп ала албаганын эскертти.
«Согуш учурунда жардам суранычына так жооп албаган өтө коркунучтуу нерсе», — деди ал Украина учактарды да суранып, бирин да албаганын кошумчалап.
Зеленский бул үчүн «НАТОну айыптабасын», бирок альянс дагы деле «украиналыктарды орустардын соккусунан болгон өлүмдөн сактап кала аларын» белгиледи. Анын пикиринде, Орусия Украина менен эле чектелип калбайт, кийин НАТОнун чыгыштагы мүчөлөрүнө да, анын ичинде Польша жана Балтика өлкөлөрүнө кол салат.
НАТОнун жыйынынан кийин альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг мүчө-өлкөлөр кабыл алган чечими тууралуу айтып берди. Анын айтымында, НАТО Украинага кошумча колдоо көрсөтүүнү, Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүнү жана альянска кирген өлкөлөрдүн коргонуусун бекемдөөнү уланта берет.
Бирок ал НАТО Орусия менен согушуп кетпеш үчүн Украинага тынчтык орнотуучу аскерлерди киргизбесин белгиледи. Столтенберг НАТО Орусия тараптан химиялык, өзөктүк же биологиялык куралдарды колдонуу коркунучун көрүп жатканын жана Украинага аларды аныктоочуу каражаттарды, коргонуу жана медициналык жактан жардам берерин билдирди.
Андан тышкары, НАТОнун башкы катчысы Кытайдан Орусияга кандайдыр бир колдоо көрсөтүүдөн карманууну, Москваны согушту тынчтык жолу менен токтотууга мажбурлаш үчүн өз таасирин колдонууну суранды. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн саммитинин аягында АКШ президенти Джозеф Байден да билдирүү жасады. Ал Орусияны «чоң жырмалыктан» (G20) чыгаруу боюнча Польшанын сунушун колдоду. Бирок Байден акыркы чечим «клубдун» калган мүчөлөрү менен бирге кабыл алынарын белгиледи.
24-мартта Батыштын алдыңкы жети (G7) индустриалдык өлкөлөрүнүн дагы чукул жыйыны өттү. Алар бардык эл аралык уюмдарды Орусия менен мамилесин кайрадан карап чыгууга үндөштү. Мындан тышкары, G7 өлкөлөрүнүн лидерлери «Орусиянын энергетикасынан көз карандылыкты азайтуу боюнча кадамдар көрүлүп жатканын» биришти.
«Биз орусиянын мунай, газ жана көмүр өнүмдөрүн импорттоодо көз карандылыктан акырындык менен кутулууну каалаган өлкөлөрдү активдүү колдоого милдеттенме алабыз», — деп убадалашты ал жактан нефть, газ өндүргөн жана өндүрүүнү көбөйтүүнү каалаган өлкөлөргө чакырык жасап.
Евробиримдиктин өлкөлөрү Украинаны калыбына келтирүү үчүн максаттуу тилектештик фондун түзүүнү макулдашышты. Евробиримдиктен Украинага саясий, каржылык, материалдык жана гуманитардык колдоо көрсөтү уланарын белгилешти.
АКШ Орусияга каршы санкциялардын дагы бир пакетин киргизди. Санкцияларга Мамдуманын 328 депутаты, Орусиянын 48 коргонуу компаниясы жана ишканасы, анын ичинде оңдоо заводдору кирди. Ошондой эле Орусиянын Борбордук банкындагы алтын резервдерине байланыштуу операциялар да санкцияларга дуушар болду. Орусияга каршы Улуу Британия да кошумча санкцияларды киргизди. Ага Орусиянын 59 физикалык жана юридикалык жактары туш болду. Алардын катарында Сбербанктын башчысы Герман Греф жана «Тинькофф» банкынын негиздөөчүсү Олег Тиньков бар.
«Эхо Москвы» радиостанциясынын мурдагы башкы редактору Алексей Венедиктов батиринин эшигин алдына чочконун башын таштап кетишкенин маалымдады.
Журналист телеграм каналына эшиктин алдында парик кийгизилген чочконун башы жаткан сүрөттү жүктөдү. Эшиктин өзүндө болсо Украинанын герби менен Judensau (бул сөз нацисттик Германияда еврейлерди мазактоо жана кемсинтүү үчүн колдонулган) деген стикер чапталган.
«Алар мени, үй-бүлөмдү коркутабыз деп ойлошконбу? Дудаевдин желдеттери атабыз деген мени [коркутабыз] дештиби?», — деп жазды Венедиктов полиция окуя боюнча «кабардар экенин» кошумчалап.
«Эхо Москвы», башка орус басылмалары сыяктуу эле Орусия Украинага кол салып баштаганда жабылган — радиостанциянын кызматкерлери согушка каршы позицияны карманып жатышат.