Кыргызстан БУУнун Украина боюнча резолюциясына добуш берүүдөн карманды

БУУнун Башкы ассамблеясы 2-мартта Украина боюнча резолюцияны жактырды. Резолюцияда Орусияга Украинадагы аскерлерин чыгарып, республикага карата күч колдонуу аракетин токтотуу талабы айтылды. Бул тууралуу орус басылмалары билдиришти.

Резолюцияны 141 мамлекет колдоду. Уюмдун мүчөлөрү Орусиядан Украинадагы, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крымдан аскерлерин чыгарууну, ошондой эле Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы айрым райондордун макамы жөнүндө чечимин токтоосуз жокко чыгаруусун талап кылышты.

«Укринформ» маалымат агенттигинин Нью-Йорктогу өздүк кабарчысы резолюцияны 141 өлкө колдогонун, 5 мамлекет — Орусияга, Беларус, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы добуш берип, 35 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан добуш берүүдөн карманганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУдагы добуш берүүдөн кийин резолицияны колдогон өлкөлөргө ыраазычылыгын айтты.

«Сиздер тарыхтын туура тарабын тандадыңыздар», — деп жазды ал Твиттерде.

ТЕМА БОЮНЧА:

БУУ Орусиянын Украинага кол салуусун айыптады, орус бийлиги 500дөй аскери каза тапканын айтты