Президент Садыр Жапаров республикалык эл катоого катышты

25-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров 2022-жылдагы элди жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышып, сурамжылоонун формасы боюнча суроолорго жооп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Элди жана турак жай фондун жалпы республикалык катоонун биринчи этабы 25-мартта башталып, 3-апрелге чейин уланат. Ал эми алыскы тоолуу райондордо 23-апрелден 2-майга чейин каттоонун экинчи этабы жүргүзүлөт.

Быйылкы эл каттоонун өзгөчөлүгү — маалымат чогултуунун электрондук ыкмалары колдонулат. Ошондой эле, маалымат Улуттук статкомдун серверинен каттоого алуучулардын Android 5 версиясынан жогорку үлгүдөгү телефонуна же планшетине орнотулган мобилдик колдонмо аркылуу чогултулат. Ага атайын даярдыктан өткөн 28 миң каттоочу кызматкерлер он күн бою үймө-үй кыдырат.

Республикалык каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүрөт.

Эгемендүү Кыргызстанда алгачкы улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн, анда 4,8 миллион киши каттоодон өткөн. Ал эми 2009-жылы өткөрүлгөн эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгында 5,3 миллион киши катталган. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам 2019-жылы эл каттоо бир канча жолу артка жылдырылган.

Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар да өтөт.

Каттоочу кызматкерлерге атайын күбөлүк жана QR код берилет, андыктан түрдүү алдамчылардан сак болуу үчүн чыныгы каттоочуларды ошол документтери аркылуу текшерсе болот.

Каттоодон өтүү үчүн эч кандай документ талап кылбайт, ар бир адам кайсы жерде жашаганы тууралуу эмнени айтып берсе, ошол жазылат.

Жалпысынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо-шарты, киреше булагы, коронавирус, үйдүн дубалдарынын материалы сыяктуу 40ка жакын суроо берилет. Алардын баарына бир үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.

Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

Элди каттоодо сурамжылоого катышкан жарандар талап кылынган маалыматтарды берүүдөн баш тартса болбойт. Баш тарткан учурда ар бир адам КРнын мыйзамына ылайык жеке жооп берет.

Тема боюнча:

Улуттук статком: Кыргызстанда эл каттоо 2022-жылы жазында өтөт