Улуттук статком: Кыргызстанда эл каттоо 2022-жылы жазында өтөт

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылы 25-марттан 2-майга чейин жүрөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл каттоо өткөрүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

«Эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт. Республиканын алыскы аймактарында 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт»,— деп кошумчалады Улуттук статком.

Алдыдагы эл катто мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул жолку эл каттоонун башкы өзгөчөлүгү — маалымат чогултуунун электрондук ыкмалары колдонулат. Ошондой эле, маалымат Улуттук статкомдун серверинен каттоого алуучулардын Android 5 версиясынан жогорку үлгүдөгү телефонуна же планшетине орнотулган мобилдик колдонмо аркылуу чогултулат.

Эл каттоо канча жолу өткөрүлгөн?

Эгемендүү Кыргызстанда алгачкы улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн, анда 4,8 миллион киши каттоодон өткөн. Ал эми 2009-жылы өткөрүлгөн эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгында 5,3 миллион киши катталган.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам 2020-жылы эл каттоо бир канча жолу артка жылдырылган. Ага ылайык, 2020-жылдын башында алдыдагы эл жана турак жай фондун каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин респбуликанын аймагында өткөрүлөт, ал эми републиканын алыскы аймактарында — 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин болору кабарланган.

2021-жылдын май айында Улуттук статкомдун статистикалык каттоо бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева Кыргызстанда эл каттоо болжол менен 2021-жылдын сентябрь айында электрондук форматта өткөрүлөрү пландалып жатканын кабарлаган.

«Эл каттоо Чүй, Ысык-көл облустарында жана Ош шаарында пилоттук форматта өткөрүлгөн. Сентябрда эл каттоо 10 күнгө созулат. Бул аралыкта ар бир каттоочу өзүнө тиешелүү аймакты кыдырып, жарандарды сурамжылап бүтүшү керек», — дейт Римма Чыныбаева.

Элди каттоодо сурамжылоого катышкан жарандар талап кылынган маалыматтарды берүүдөн баш тартса болбойт. Баш тарткан учурда ар бир адам КРнын мыйзамына ылайык жеке жооп берет.

Материалды даярдаган: Мелисбек Абдибаитов