Бишкекте журналист Арзыгүл Галымбетовага багышталып куран окутулду

«Акипресс» басылмасынын Баткендеги кабарчысы Арзыгүл Галымбетовага багышталып 27-мартта Бишкек шаарындагы Максим Горький паркында куран окутулду. Ага маркумдун кесиптештери, группалаштары жана жакын санаалаштары катышты.

Маркум менен чогуу иштеген кесиптеши Вася Лоцев Баткенде Галымбетовадай тайманбаган журналист жок экенин айтып, «Акипресс» үчүн оор жоготуу болгонун белгиледи.

«Арзыгүлдү жоготуу мен үчүн жана биздин коллектив үчүн оор жоготуу болду. Ал “Акипресс” маалымат агентигинде 2010-жылдан бери иштеп жүргөн. Баткенде мындай тайманбаган, мыкты журналист жок. Ушу чек ара маселесин чагылдырган журналисттердин ичинен биринчи болчу», — деп эскерди анын кесиптеши.

Ал эми Галымбетованын жакын санаалашы Бактыгүл Момбекова маркум турмуш шартына карабай жумушун биринчи орунга коюп иштегенин айтып эскерди.

«Мурда Бишкекте иштеп жүрчү эле. Бирок турмуш шартына байланыштуу кичи мекенине кетип, ошол жактан иштеп калды. Бирок мен ойлогондон дагы мыкты иштеди. Жаштыгына карабай өмүрүн чек арага арнап, элдин көйгөйүн чагылдырды [...]. Арзыгүлдүн ата-энеси дагы өтүп кеткендиктен өзүнүн ичиндеги бугун кесибине арнап чыгарды. Эң эле өкүнүчтүүсү артында уулу же кызы калбагандыгы болду [...]», — деп көзүнө жаш алып эскерди ал.

«Чек арачы журналист»

«Акипресстин» Баткендеги журналисти Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон. Маалыматка караганда, журналист кечинде өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Андан соң жүрөгү токтоп калган.

37 жаштагы Арзыгүл Галымбетова Баткен облусундагы жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды байма-бай жеринен чагылдырып турчу. Өткөн жылдын апрелиндеги эң ири куралдуу жаңжалды да жеринен чагылдырган. Ошондой эле аталган облустагы аткезчилик боюнча да материалдарды даярдап келген.

Өзү Баткен шаарында төрөлүп, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин аяктаган.

Ал «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында эмгек жолун баштап, «Кыргызстан обондорунда» жана «КТР Обо» гезитинде иштеген.

Ал эми 2010-жылдан бери «Акипресс» маалымат агенттигинин Баткендеги өкүлү жана кабарчысы болуп эмгектенип келген.