Баткенде 37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова каза болду

Арзыгүл Галымбетова

«Акипресстин» Баткендеги журналисти Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болду. Бул тууралуу анын жакындары жана кесиптештери Фейсбукта жазды.

Маалыматка караганда, журналист кечинде өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Андан соң жүрөгү токтоп калган.

Фейсбукта Галымбетованын кесиптештери журналист акыркы убактарда «каралоолорго кабылганын» жазышууда.

«Жөн эле журналист эмес — чек арачы журналист эле. Жаркылдаган башкача , жакшы адамдар арабыздан тез кетип жатат. Жалган жалаалар намыстуу кызга оор тийди. Канчалык жаман айткан адамга дагы Арзуу жаман сөз кайтарбаса керек эле. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп жазды алардын бири Нурзат Турдукулова.

Мындан сырткары Галымбетова өзү да Фейсбугунда каралоорго кабылып жатканын айткан.

«Чек арачы журналист»

Галымбетова 37 жашта эле. Ал Баткен облусундагы жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды байма-бай жеринен чагылдырып турчу. Өткөн жылдын апрелиндеги эң ири куралдуу жаңжалды да жеринен чагылдырган. Ошондой эле аталган облустагы аткезчилик боюнча да материалдарды даярдап келген.

Өзү Баткен шаарында төрөлгөн, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин аяктаган.

Ал «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында эмгек жолун баштап, «Кыргызстан обондорунда» жана «КТР Обо» гезитинде иштеген.

Ал эми 2010-жылдан бери «Акипресс» маалымат агенттигинин Баткендеги өкүлү жана кабарчысы болуп эмгектенип келген.

«Клооптун» жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.