Экс-депутат Гүлшат Асылбекова «Бакай Банктын» директорлор кеңешине мүчө болду

Улуттук банк экс-депутат Гүлшат Асылбекованы «Бакай Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешине мүчө кылууга макулдугун берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы 26-мартта билдирди.

Ошондой эле, «Бакай Банктын» директорлор кеңешине Кира Ибрагимова да мүчө болду. Ал эми Сергей Ибрагимов банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.

Мындан сырткары, Улуттук банк дагы үч коммерциялык банктын ар кандай кызматтарына төрт талапкерди жактырды.

Маалыматка ылайык, Рысбек Жумаканов жана Бакыт Жумашев «Керемет Банк» ААКнун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчө кызматына бекитилди.

Ал эми «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын директорлор кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына жана чекене соода бизнесинин директорлугуна Мурас Качкеев бекитилди. Мындан сырткары, «ФинансКредитБанк» ААКнын башкармасынын төрагалыгына Эрмек Альчиевдин талапкерлиги жактырылды.

Гүлшат Асылбекова

Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, ал «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорунун демилгечиси катары таанымал. Ал ошондой эле Кыргызстанда лотереяны реабилитациялоого да аракет кылган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Гүлшат Асылбаева «Кыргызстан казактарынын ассоциациясынын» директору. Мурда «Коньяк үйүнүн», «Джун Соунун», «Диамант Компани» турагенттигинин негиздөөчүсү, ошондой эле, «РексАр» компаниясынын негиздөөчүлөрдүн бири болгон.

«Джун Соу» азык-түлүк, тамеки жана суусундук сатуу менен алектенчү — негиздөчүлөрүнүн арасында Ху Ии аттуу кытай жараны да болгон. 2020-жылдын февралында компания Азат Дүйшөбаевге өткөрүлгөн. ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин уулу.

«РексАр» да соода сатык менен алектенген, кайра каттоодон кийин негиздөөчүлөрдүн тизмесинен үч киши чыгып кеткен, алардын катарында Асылбаева да болгон. Азыр анын директору —Илья Ахметов.

«Диамант Компани» Асылбаева, Дүйшөбаев жана Кытайдын жараны Чжу Мэнюанем менен байланыштуу болгон. Фирма 2018-жылы кайра каттоодон өткөн. Учурда негиздөөчүлөрдүн тизмесинде Айдар Уржанов эле бар.