Депутат Асылбаева кумаркана бизнесинин ордуна лотерея рыногун өнүктүрүүнү сунуштады

Депутат Гүлшат Асылбаева Кыргызстанда лотерея рыногун өнүктүрүүнү сунуш кылды. Депутаттын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоору «мамлекеттик лотерея компаниясынын ишмердигин өнүктүрүү жана социалдык чөйрөгө инвестицияларды тартуу үчүн натыйжалуу кошумча инструментти түзүү» максатында иштелип чыкканы айтылат.

«Бүткүл дүйнө жүзүндө лотерея бизнеси мыйзамдуу болуп саналат жана кумар оюн бизнесине карата социалдык жоопкерчиликтүү альтернатива катары кызмат кылат, ал ар дайым калктын социалдык муктаждыктарына каражаттарды тартуунун инструменти болуп келген», — деп баса белгиледи Асылбаева.

Маалымкат-негиздеме

Маалымкат негиздемеде мыйзам долбоорунда лотерея билеттерин сатуунун электрондук системасы каралганы дагы айтылган. Бул депутаттын айтымында, заманбап лотерея рыногун түзүүгө мүмкүндүк берет.

«Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашыруудан боло турган экономикалык натыйжага баа берүү көрсөткөндөй, лотерея рыногунун жалпы көлөмүн көбөйтүү талап кылынат. Мыйзам долбоорун ишке ашырганда салыктык келип түшүүлөр гана көбөйбөстөн, социалдык муктаждыктарга максаттуу чегериле турган акча каражаттарынын көлөмү да орчундуу көбөйүшү күтүлөт» — деп депутат белгиледи.

Асылбаева лотерея бизнесинин көлөмүнө, социалдык тармакка жана лотерея рыногунун өнүгүшүнө тыкыр көзөмөлдү камсыз кылып, ошондой эле жаңы лотерея оюндарын уюштуруш керек деп эсептейт.

Азыркы тапта Кыргызстанда лотерея ишмердигин бир гана мамлекеттик лотерея компаниясы ишке ашырууга укуктуу.

Кумар оюндары жөнүндө мыйзам

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелде Ысык-Көл облусунда кумар оюндарын ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков демилгелеген. Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумар ойноо зонасы курулат.

Ал 1200 гектар жерди ээлеп, зонага бир гана чет элдик жарандар кире алат — авторлор муну менен жумушчу орундар түзүлүп, казынага каражат түшөт деген пикирде.

Бул адистештирилген аймакта өлкөнүн башка аймактарына караганда башкача укук режими иштейт: ал жерде кумаркана, оюн автоматтары, компьютердик симуляторлор жана башка кумар оюндарына уруксат берилет.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кумарканаларды ачууну колдогон. Кумарканалар туристтер үчүн гана ачылат, Кыргызстандын жарандарына ал жактарга кирүүгө тыюу салынат деп билдирген.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору

Асылбаева «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзамдын автору катары да белгилүү.

Мыйзам долбоору кескин сынга кабылып, юристтер бул долбоор жарандардын сөз эркиндигине болгон укугун одоно бузуп, интернетте мамлекеттик цензураны орнотот деп айтышкан. Демилгечилер интернетте тастыкталбаган маалыматты жайылтуунун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле провайдерлерди колдонуучулар жөнүндө маалыматтарды сактоого милдеттендирүүнү сунушташкан.

Ошондой эле мыйзамда ыйгарым укуктуу орган жалган деп эсептеген маалыматка чектөө коё алат деп көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайык, мындай чечимди бир гана сот чыгара алат. Аталган мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган ушундай эле мыйзам менен 64%га дал келерин аныкталган. Ал эми айрым беренелер эч өзгөртүүсүз көчүрүлгөн.

Коомчулуктун каршылыгына карабастан, парламенттин депутаттары мыйзам долбоорун жактырып, президент Сооронбай Жээнбековго кол коюу үчүн жөнөткөн. Бирок Жээнбеков мыйзамды кабыл албай, каршы пикирин билдирген.