Саламаттык сактоо министрлиги: Бишкекте медиктерге көп батирлүү үй курула баштады

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Бишкекте медициналык кызматкерлер үчүн жаңы көп батирлүү турак жайдын курулушу башталганын билдирди.

Министрликтен үйдүн курулушун баштоо иш-чарасына 26-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышканын белгилешти.

«Биз тарыхый саамалыкка күбө болуп жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин медкызматкерге бир да жолу үй курулган эмес. Каржы булагын аныктоодо дагы бир үй куруу пландалып жатат», — деп келтирди басма сөз кызмат Бейшеналиевдин курулуш ишин баштоо учурунда айткан сөзүн.

Маалыматка ылайык, турак жай Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жатат, үй болжолдуу 2023-жылдын апрель-май айларында пайдаланууга берилмекчи. Ошондой эле, министрликтен курулуштун ордунда сегиз кабаттуу үйдүн даяр каркасы турганын, бирок кабатын 12ге чейин көбөйтүү пландылып жатканын кошумчалашты.

Курулуш иштери аяктаганга чейин Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлирине үйдү берүүнүн тартибин иштеп чыгат.

Медицина кызматкерлери үчүн турак жай

Бишкекте медиктерге үй куруларын саламаттык сактоо министри марттын башында айткан.

Анда Бейшеналиев үй Бишкектин Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине түшүп, ал он жана он эки кабаттуу болорун маалымдаган. Анын айтымында, турак-жайга муктаж медкызматкерлерди комиссия аныктайт.

«Кандай критерий менен тандаларын дагы жазабыз. Ким турак жайга муктаж болсо, ошолорго беребиз деп ойлоп жатам. Андан ары медиктерди турак жай менен камсыз кылуу үчүн курулуштарды улантабыз. Бир үйдөгү батирлер бекер берилет, ал эми башкасындагы батирлер ипотекага берилет», — деп айткан министр.

Буга чейин үйлөр УКМКнын жана ЖАМКтын кызматкерлери, ошондой эле чек арачылар үчүн курулуп келген. Бирок мугалимдер менен медиктер, мамлекеттик кызматкер экенине карабастан турак жай алышкан эмес.